super.kg logo

Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны. Ханайым ким болорун билесизби?

 
Сооронбай Жээнбеков.
Жубайы Айгүл Жээнбекова.

15-октябрда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы берген алдын ала жыйынтыкка ылайык добуштардын 54,73 пайызын Сооронбай Жээнбеков алган.

Азыркы тапта жеңишин майрамдап жаткан Сооронбай Жээнбековдун өмүр баянына токтолобуз. Сооронбай Жээнбеков 59 жашта. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тельман айылында туулган.

Үй-бүлөлүү. Аялы Айгүл Токоева коомчулукка көп чыкпагандыктан ал тууралуу маалымат аз. Бир уул, бир кызы бар. Кызы Бактыгүл Кыргыз-Орус Славян университетинде окуйт. 2016-жылы турмушка чыккан. Уулу Бишкектеги мектептердин биринде окуйт.

Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ɵзгɵн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуудан баштаган. Андан кийин К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун студенти болот. 1983-жылы окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштейт. 1988-жылы С.Жээнбековду жетекчилик кызматтарга сунушташат. Совхоздун директору жана колхоздун башкармалыгынын тɵрагасы болуп иштейт.

1995-жылы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин Эл ɵкүлдɵр жыйынына депутат болуп шайлануу менен Жээнбековдун мамлекеттик ишмердиги башталган. Ошол эле жылы КСДПнын катарына кирип, Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленип түзүлгɵн Кыргыздагы алгачкы "Реформа" депутаттык фракциясынын курамында иштейт. Жээнбеков 2007-жылы айыл чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматтан кеткенден кийин КСДПнын курамында саясий ишмердигин уланткан.

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. Бул кызматта 5 жыл иштеген. 2015-жылдын аягында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына которулат.

2016-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵт башчысы кызматына бекитти. 2017-жылдын 15-июлунда КСДП партиясынын съездинде Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер болуп кɵрсɵтүлгɵн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -10 
Комментарийлер(113)
16.10.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Зоотехник деп эле ачык жазбайсыңарбы.
16.10.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Биз учун Мадумаров президент!!!
16.10.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Вай вай кудай эээй кыргызга да боорун ачысынчы кудай нерв болуп куйуп кеттам кандай кундорду корот болду экен эми кайран кыргыз. Оз башы менен эмес Ашанын созу менен иш кылат эми бул дагы коросунорго.
16.10.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
altynaiB,Жакшыныда, жаман десек жаман болот. Пейлибизди ондойлу, мумкун келечегибизди ондоп Кыргызстаныбызды ондоп салаар, Жакшылыктан умут узбойлу дейт экенда))) Окуп калса онолоор Жхнбеков)))
16.10.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Жакшы эле адамдай корунот!
16.10.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кайрат шоордуу элим кайра эле алты жыл тажадым конституциянар бойунча 1-Декабрдан бул эмес Исаков элди башкарат Атамбаев кенешчи болобу.Жээнбеков просто аты эле президент айткан созуно турсан дебатка келмек Текабаев айтчу убагында кел чечиле турган иш АК уйдо калган жыйыныны токтот деп.Алты жыл дагын орустар жаман коруп журобузбу эми!
16.10.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эмне кызматта жургонун го жазыпсынар... Эми саясатта жургон ошол 21 жылда эл учун эмне пайдалуу жумуш жасады, ошону санап берчу бири барбы?!! Же дегеле 21 жылда бир да элге жаккан иши жокпу?!! Оштун мэри Мырзакматов 3 жылда Ошту гулдотуп салды. Ал эми Ош облусун 5 жыл жетектеген Жээнбеков Ош облусуна эмне кылып эмгеги синди, эмнени кыйратты ошол 5 жылда?!!

Баса, Жээнбеков Окмотту жетектеп турган учурда кулаган самолеттогу жуктун ээси эмнеге айтылбайт ыя?!!
16.10.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Patriot7, мин жазсан да мин соксонда уже поезд отуп кетти. Эми Атамбаевди шайлап жатканда ойлонуш керек болчу да. алты жыл мурун кимди шайлагансын озу?
16.10.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
omurbekFCB, Атамбаев да бугункудой шайлоо жыйынтыгын бурмалап келген. Чуй облусунда явка 80% деп элдин оозун ачырган...
16.10.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Patriot7, Патриот болсон ачык айтып чыкпайсынбы Андай кылды мындай кылды дей бербей . озуну видеого тартып суйло баардык кыргызстандыктар сенин созуну уксун. бул жерде жазганын мн эмне пайда табасын. эл алдына чык .суйло. озунун ой пирини айт. бул жерде комускодо калып кетет . сенен да кыйындар журбойбу!!!.
16.10.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
omurbekFCB, форумга кирсен ошончо комментим журот, ошол жетиштуу....
16.10.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patriot7,
+ Басайын дегем - басылып кетти кечиресин
16.10.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бүт эле депутаттардын аялдарынын аты Айгүлго
16.10.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Мен бул кишини чык эшике дегенинен кийин эле тааныдым жарытаарлык иш жасабаса тааныгын деле уккун деле келбейт да
16.10.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эми Кыргызстандын келечеги кандай болот 6 жылда.
16.10.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
БАЛП этип эми мунусу дагы мооноту качан бутот десенер ииий кыргызым ай кыргызым ушуга кунубуз калды беле
16.10.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
altynaiB,мөөнөтү бүтүп,бул да өзүнүн мураскерин
койуп кетет,ошентип улана берет эми
16.10.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
tursunbaev78,Ассолому алейкум Улуу урматту туу Президент. Кыргыз калкы кобунчо ичи таар келеген калк келет. Куйгон жеринер кул болсо да бир кубанып койгула калайын калк
16.10.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
altynaiB,
Эмне мынчалык ХХХХ жатат я коросун Буйруса Кара-Кулжалыктар Кандай иштейт экенин айтмакчы Кара-Кулжалыктар с победой
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 00:39:34
16.10.2017. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ArgenMers,айтпасан деле оштун баары кара кулжа эми ак уйго толтурат туугандарын дос чарларын аны эч ким тана албайт ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 09:56:28
16.10.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
erkeleim,9 эркек бир тууганы бар экен, майкол суткол жерлерди ээлешет го
16.10.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Соке куттуктайм эми Алмаз ХХХХ тилин албай озун движения кыл.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-16 00:38:29
16.10.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ыманы ыссык экен деп койчу эле жакшы адамды.Бул кишинин ыманы мезирейетко
16.10.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Атамбаев акылдуу экен. Текени турмого тыкты Жапараовду тыкты . призденттик шайлоону женип алыш учун алдын ала пландап даярданып жургон экен да башында эле. Эми Бабанов Мадумаровдор эмне болот экен? бир жеринен касяк табат эми....
16.10.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
omurbekFCB,акылдуу эмес амалкой десен туура болот
16.10.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омур баянын го жазыпсынар, эмне адистикти, эмне болуп иштегенин жазбапсынар го.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: