Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө мектеп жана кесиптик окуу жайлардын 49 миң бүтүрүүчүсү катышты
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын 49 миң бүтүрүүчүсү катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгы тууралуу сертификаттар республиканын мектептерине жана тестирлөө борборлоруна 18-июндан 20-июнга чейин жеткирилет. Тестирлөө ачык жана жеткиликтүү түрдө өткөндүгүн айтат министрлик. Ал эми тестирлөөнүн жүрүшүн Билим берүү жана илим министрлигинин, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, ата-энелер жана мугалимдер көзөмөлдөштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

