О! мобилдик оператору Баткен облусунда өз ишмердүүлүгүн кеңейтти

Азыркы учурда алыскы Баткен облусунун 10 миңден ашуун тургундары О! мобилдик түйүнүнүн ишенимдүү кабыл алган аймагында жашашат. Мунун баары кыргызстандыктарды заманбап байланыш кызматтары менен камсыз кылуу үчүн аракеттенип жаткан О! компаниясынын техникалык адистеринин күнү-түнү иштеген ишине жараша ишке ашып жатат.
Өткөн айда Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларында ошондой эле Пылдырак, Арпа-Сай, Гульмион , Разъезд, Валакиш, Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Майдан, Калача, Какыр, Кара-Дөбө айылдарын 3G/4G муундун байланышы менен каптоо жүзөгө ашырылды. Түйүндүн көлөмү менен сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча аткарылган иштердин комплекси алыс жайгашкан шаар жана айылдардын 10 миңдеген тургундарына О! мобилдик түйүнүнүн бардык артыкчылыктарын баалоолоруна мүмкүнчүлүк берип, зымдуу интернет болбогон райондордо да дүйнөлүк желенин ресурстары жеткиликтүү болуп калды.
Аткарылган иштердин натыйжасында ишке ашкан О! түйүнүнүн маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгы баткендиктерге маалыматтарды алмашуу кызматтарын жайлуу колдонууну, мультимедиа контентин оперативдик жүктөөнү, жайлуу интернет-браузингди колдонууну, электрондук почта жана файлдык тиркемелер менен ыңгайлуу иштөөнү, агымдык видеолорду көрүүнү камсыз кылат.
Мындан тышкары О! мобилдик оператору Баткен облусунда жаңы O!Storе дүкөндөрүн ачуу менен абоненттерине дагы жакыныраак болуп калды. Дүкөндөрдө мобилдик байланышка тиешелүү кесипкөй кеңештерди алуу менен бирге, заманбап смартфондорду жана мобилдик түзүлүштөрдү сатып алса болот.
Баткен шаары. O!Store – дареги : Сайдиман Ажы көчөсү, №жок, ориентир: «Магнит» дүкөнүнүн маңдайы. Иштөө графиги: 9:00дөн 19:00гө чейин, тыныгуусуз, дем алышсыз.
Кадамжай а. O!Store – дареги: Гагарин көчөсү, №жок, ориентир: Пүлгөн-Автобекет. Иштөө графиги: 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 13:00-14:00, дем алыш – жекшемби
О! мобилдик оператору – Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.

Азыркы учурда, Баткен шаарында базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда. Биздин сайттан тармактын өнүгүүсүн байкап турсаңыз болот: http://www.o.kg/ru/zona_pokrytija
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сиздин каалоонузду сөзсүз түрдө эске алдык. Кайрылганызга ыраазычылык билдиребиз.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Ооба, аракет кылып жатабыз.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 4G базалык станция орноштуу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада бар. Тилекке каршы, так убактысы белгисиз. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлойт.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде 3G базалык станцияны орноштуруу каралууда.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Cаламатсызбы. Ооба, Кызыл-Кыя шаарында биздин кенсебиз бар. Асаналиева к.,7, «Армада» бизнес борборунда, бутик «А-1». Иштөө графиги: 09:00дөн 18:00га чейин, тыныгуу 13:00дөн 14:00ге чейин. дем алыш - жекшемби.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.