super.kg logo

MegaCom: Үйүңдөн чыкпастан, уникалдуу номурга ээ бол!

 

Алдынкы уюлдук оператор кезектеги жагымдуу жаңылыгы менен абоненттерин кубандырмакчы. Мобилдик телефонуңуздун номурун "Сенин номуруң" жана "Номурду брондоо" кызматтары аркылуу үйүңүздөн чыкпай туруп эле алмаштырып алсаңыз болот!

Өзгөчө сандардын айкалышынан турган номурлар эске оңой сакталып, ээсинин индивидуалдуулугун да көрсөтүп турат эмеспи. "Сенин номуруң" - бул 0550, 0551, 0552, 0553, 0554, 0555, 0556, 0557 жана 0559 коддорунун бирин тандап алуу менен, көңүлгө төп келген номурду түзүп алуу мүмкүнчүлүгү. Тейлөө бөлүмүнө баруунун зарылчылыгы жок, болгону телефонуңуздун баскычтары сизге жардамга келет.

  • Номурду тандоо үчүн *250*055Ххххххх# чакыруу буйруусун териңиз.
  • Номурду алмаштыруу үчүн *250*1*055Ххххххх# чакыруу буйруусу аракетте. Номурду алмаштыргандан кийин 24 сааттын ичинде абонент өзүнүн мурдагы номурун акысыз алмаштыра алат. Номурду кайра кайтарып алуу буйруусу: *250*0#чакыруу

Номурду алмаштыруу болгону 25 сомду түзөт. "Платина", "Алтын" же "Күмүш" категориясындагы номурлар үчүн өзүнчө төлөм алынат.

Эгерде сиз номуруңузду азыр эмес, жакын арада алмаштырууну пландаштырсаңыз, анда "Номурду брондоо" кызматы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Бул кызматтын жардамы менен абонент 055Х кодундагы (Х болгон жерде – 0-9га чейин сан) бир номурду брондоп, кийин номурду алмаштыруу үчүн жана номурдун баасын төлөп, брондолгон номурга алмаштырса болот. Номурду брондоо *250*2*055Ххххххх# чакыруу буйруусу аркылуу ишке ашырылат.

Ал эми MegaCom сайтындагы "Номурду тандоо" опциясы номурлардын арасынан жакканын акысыз тандап алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Издөө сабына сизди кызыктырган 6 сандан турган номурду териңиз, эгерде сиз тандаган сандардын айкашы бош болсо, тандоонун жыйынтыгында өзүңүз каалаган уникалдуу номурдун ээси боло аласыз.

Өзүңүздүн бактылуу мобилдик номуруңузду тандап алыңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.10.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: