Чыңгыз Эсенгул уулу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Чыңгыз Эсенгулов 1988-жылы Нарын облусунда туулган. 2016-2017-жылдары премьер-министрдин маалымат катчысы кызматында иштеген. Ага чейин радиостанцияларда, мамлекеттик телеканалдарда эмгектенген. Ошондой эле Жогорку Кеңеште консультант, Тышкы иштер министрлигинин жана Транспорт министрлигинин маалымат кызматтарында да иштеген.
Айта кетсек, август айынын соңунда бул кызматка Гүлнур Төралиева дайындалган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.