super.kg logo

Эл аралык байкоочулар: "Административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларга басым жасоо жана добуш сатып алуу боюнча маселелер жаралды"

 

Чоң атаандаштык менен өткөн шайлоо - бул бир президенттин экинчи президентке бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүүсүнө өбөлгө түзүп, демократиялык институттардын бекемделүүсүнө салым кошту. Мындай пикирин бүгүн, 16-октябрда шайлоолорго байкоо жүгүртүү боюнча эл аралык миссиясынын мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

Эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшү тууралуу өз ойлорун билдиришти. Алардын билдирүүсү боюнча, шайлоочулар каалагандай тандоо жүргүзүүгө эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес.

"Талапкерлер жалпысынан эркин үгүт жүргүзө алышты. Бирок административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларга басым жасоо жана добуш сатып алуу маселелери жаралбай койгон жок. Кыргызстан атаандаштык шайлоо өткөрүүдө жана бийликти тынч өткөрүп берүүдө жалпысынан позитивдүү мисал көрсөтө алды, бирок бир нече маселелер каралышы керек", - деди Азай Гулиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларынын атайын координатору жана кыска мөөнөттүк миссиясынын башчысы.

Мындан сырткары байкоочулар шайлоонун техникалык тарабы жакшы уюштурулганын, бирок түшкөн арыздарды юридикалык жактан кароодо шайлоону өткөрүү комиссиясы бир тараптуу болгонун баса белгилешти. Ошондой эле телеберүүдөгү дебаттар бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк бергени айтылды. Муну менен катар эле журналисттердин арасында такталбаган маалымат тараткандар бар экендигин жана сөз эркиндиги жаатында көйгөйлөр жаралгандыгын кошумчалашты байкоочулар.

Эл аралык байкоочулар Кыргыз өлкөсүндө шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин өлкөдө болорун белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
17.10.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатылды добуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: