Өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев: "Элди бузган саясатчылар, бул митингди бирөө уюштуруп жатат. Азыр абал тынч"
Бүгүн, 16-октябрда Талас шаарында 3 миңдей эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Алар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Дайыр Кенекеев жолугушуп, шайлоо тууралуу өз пикирин билдирди. Ал митинг туурасында SUPER.KG'ге айтып берди.
"Таза шайлоо Таласта болду. Өмүрбек Бабанов Таластан 85 пайыз добуш алды. Силерге бул таза шайлоо эмеспи? Мага айткылачы, кайсы административдик ресурс? Анткени мен Фейсбуктагы баракчама ачык жазып жаттым "бирөөнү бирөө мажбурлаган фактылар болсо бергиле. Ошол эле мугалимдер, дарыгерлер болобу, ким болбосун жумуштан кетет, сөз берем" деп. "Акча таратылды" деп жатышат. Ким таратты? Эч бир талапкер тараткан жок. Таласта эң акыйкат жана таптаза шайлоо болду. Талас эли эркин эл, мажбурласаң тескери жасаган эл.
Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш деген менин айылымда 3400 шайлоочу болсо, 90 пайызы Бабановго берди. Мен ага кийлигишкен жокмун. Ошондуктан "таза өттү" десем, "жок, башка аймактарды айтып жатабыз" дешти. Башка аймактын эли чыккан жок го. Бирөө уюштуруп жаткан нерсе бул. Элден айланса болот. Элди бузган саясатчылар", - деди Кенекеев.
Өкмөт өкүлү митингчилер дале болсо топтолуп турганын, абал туруктуу экенин кошумчалады.

Ошол таза шайлоо болбой, Жээнбеков Мадумаров менен Бабановдун шайлоочуларын уурдап, студент, бюджетниктерди коркутуп-мажбурлап шайлаттырганын билет бекен?!! Шайлоо таза отсо, Жээнбеков 2-турга да чыкпашы мумкун экенин билет бекен?!!