super.kg logo

Бишкектеги "Айни" подстанциясында кабель зыянга учурап Жал кичи районундагы электр жарыгы өчүрүлдү

 

Бишкек шаарынын "Айни" подстанциясынан чыккан 10 киловаттык кабель зыян тартып, шаардын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, бул абал бүгүн, 16-октябрда саат 16:00дөр чамасында орун алган.

"Кабелге зыян келгендиктен "Айни" подстанциясынан электр тогу таратылган Жал кичи районунун бир бөлүгү жана Иса Ахунбаев, Чапаев, Тынчтык проспектиси, Түштүк магистраль көчөлөрү менен чектелген аймакта жарык өчүрүлдү. Бирок учурда алардын көпчүлүгү башка подстанцияларга кошулду, жакынкы убакта калган керектөөчүлөр да кошулуп бүтөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле алар учурда оңдоо иштери жүргүзүлүп, кабелге эмнеден улам зыян келгени аныкталып жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: