super.kg logo

Бишкекте медициналык калдыктардын адамдарга жана жаратылышка тийгизген кесепетин жоюу боюнча семинар өтүүдө

 

Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте медициналык калдыктардын адамдарга жана жаратылышка тийгизген кесепетин жоюу боюнча семинар өтүүдө. Ага Бишкектеги жана башка аймактардагы дарыгерлер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү катышып, медициналык калдыктардын табиятка, адамдарга тийгизген терс таасирин жоюунун жаңы технологиялык ыкмаларын талкуулашууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин: "Буга чейин медициналык калдыктарды башкаруу боюнча 2017-2020-жылдарга карата нормативдик-укуктук актыларды жана стратегияларды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык жумушчу топтору түзүлгөн. Бул долбоор Бишкектеги жана Ысык-Көлдөгү 11 пилоттук дарылоочу-профилактикалык мекемелерде жакшы жыйынтыктарга жетти", - деп билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктардын 80 пайызы таштанды деп эсептелет. Калган 20 пайызы - инфекциялык, уулуу жана радиоактивдүү материалдар. Медициналык мекемелердин калдыктары ооруканаларда эмгектенгендерге жана бейтаптарга зыянын тийгизе турган коркунучтуу микроорганизмдерди камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: