super.kg logo

Экотехинспекция: "Сүлүктүдө көмүр казган жумушчулардын өмүрү коркунучта болуп жатат" (фото)

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр казган жумушчулардын өмүрү коркунучта болуп жатат. Мындай билдирүүнү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматы таратты. Билдирүүдө айтылгандай, буга 30, 40 жыл мурун шаардагы көмүр кени казылган кооптуу жерлерге Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги кайрадан көмүр казып алууга лицензияны туура эмес берүүсү себеп болууда.

"Анын кесепетинен көп жыл бою иштетилбеген жайлардан уулуу газдар чыгып, жумушчуларга коркунуч жаратууда. Буга чейин кайталанып казып алынган жайлардан газ чыгып, көмүр казган жарандар жабыркап көз жумган фактылар катталган. Инспекциянын инспекторлорунун айтымында, мурда иштетилген жерлерди кайрадан казууга таптакыр жол берилбеши керек. Себеби жердин алдындагы бөлүнүп чыккан уулуу заттар күч алып, аны тазалап чыгуу оңой эмес. Ал үчүн атайын кесипкөй адистер талап кылынат.

Акыркы статистика боюнча Сүлүктү шаарынан кен казып алуу 6 пайызды түзсө, шахталарда адам өмүрүн алган фактылар 67 пайызды түзгөн. Мындан улам адам өмүрүнө болгон коркунуч жогору. Сүлүктү шаарынын мэринин айтымында, мындай кооптуу жайлар өтө көп. Мамлекеттик геология жергиликтүү бийлик жана тийиштүү органдар менен макулдашпай уруксат берип коюп жатат. Алардын айтымында, турак жайларга өтө жакын жерлерде көмүр казып алынууда. Мындай көрүнүштөн улам жер чөгүп, тургундарга кошумча коркунуч жаралууда.

Жыл башынан бери Сүлүктү шаары боюнча алганда лицензиянын туура эмес берилип кеткен себебинен улам 9 адамдын өмүрү кыйылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам инспекциянын инспекторлору менен Сүлүктү шаарынын мэри биргелешип Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине кат даярдап сунуш бермекчи болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.10.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр баардык жерлерге лицензия берип жатат, аларга кызыгы жокта.
17.10.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахтынын айынан канчалаган жаш омурлор кыйылды канча балдар жетим калды кудай озу сактасын
17.10.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сактасын
17.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокжангак маркайга караганда забойлору жакшы экен биз жака келип корсонор жаш балдар иштеп журушот аларды коруп окуносун бирок айла жоу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: