Саат 10:00гө карата Таласта абал тынч (фото)







Бүгүн, 17-октябрь саат 10:00гө карата Таласта абал тынч. Топтолгон эл көрүнбөйт. Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин митинги бүгүн да уланышы мүмкүн.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев "Таласта коомдук-саясий абал туруктуу. Бардык мамлекеттик мекемелер кадимкидей штаттык режимде иштеп жатышат. Кечээ чогулгандар таза шайлоо болгон жок дешти. Бирок чынында Таласта таза шайлоо өттү. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң эл тарап кетти", - деди.
Эске салсак, кечээ Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун 3 миңдей тарапташтары чогулуп митинг өткөрүшкөн. Митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп "административдик ресурс пайдаланылган. Шайлоо таза өткөн жок", - деп чыгышкан. Алар менен Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү жолугуп, сүйлөшкөн. Эл саат 20:30дар чамасында тарап, митинг 17-октябрда уланарын айтышкан эле.

Балким Таласта таза шайлоо отсо откон чыгаар, бирок калган аймактарда ото ыплас шайлоо отконун бийлик танса да, эл танбайт...
Мен мисалы, элдин оз укуктары учун мыйзам чегинде, митингге чыгып курошуусун колдоймун. Шайлоо башынан откорулушу керек. Эл да, мен да бул шайлоо жыйынтыгына макул эмеспиз..
Кандай бут тосуулар болду, эмнеге шайлоого бир миллион мигранттан 5 минге жетип жетпеген мигрант катыша алганын ошол мигранттардан бир сурап кор......
Мисалы Америка Кыргызстандагы 10-20 адамын шайлоого катыштырат. Бизде бир миллион адам шайлоого катышпай калып жатат.. Анан кайдагы таза шайлоону айтып жатасынар?!!
Бугун Кыргызстанда "Ак жолчуларга" окшоп, бийликтин дээрлик бардык бутагында СДПКчылар отурат, аким, мэр, губернатор, министрлер, прокурор, сот ж.б. бут баары СДПКчы..... СДПК бийликти колуна жыйып алган.
Бийлик копчулуктун пикири менен эсептешип элдин талабына конушу керек, бул шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.
Бийлик ага макул болбой элге куч колдонуп таратчу болсо, элдин нааразычылыгы ого бетер кучойт. Анда 7-жыл мурунку окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Биринчиден Атамбаев ачык эле мураскер тандап, бул адам менин жолумду жолдойт деп элге жар салды, мураскер тандап.... Озу шайлоо астында талапкерден бетер Кыргызстанды кыдырып, облус, шаар, район жетекчилери, аткаминерлери менен жабык эшик артында жыйын откоруп журду.