Улуттук энергохолдингдин башчысы: "Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга 13 миллион долларга электр энергия экспорттойт"

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 миллиард 452 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 2 миллиард куб метрге көбүрөөк. "Сиздер билгендей быйыл суу башка жылдарга караганда көбүрөөк келип, жалпысынан быйыл 142 пайыз суу келди. 1-октябрга карата эсептер боюнча чогулган суунун көлөмү 19,6 миллиард куб метрди түзгөн. 2017-жылдын 9 айында электр энергия иштеп чыккан көлөмү 10,7 миллиард киловатт саат (кВт) түздү. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 2 миллиард кВтка көп", - дейт Айбек Калиев.
Андан тышкары Калиевдин айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин 550 миллион кВт электр энергияны экспорттоого келишим түзүлгөн. Келишим боюнча 1 кВт 2,4 центке барабар болгон, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түздү.









1 |