super.kg logo

Маевка жана Ак-Босогодо мүлктөрдүн өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду

 

Аламүдүн районуна караштуу Маевка жана Ак-Босого айылдарындагы үйлөрдү, унааларды өрттөө фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады. Анын айтымында, учурда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үй жана унааларды өрттөгөн адам изделип жатат.

"Учурда милиция кызматкерлери түн ичинде үй жана унааларды өрттөгөн адамды көргөн-билгендерден маалымат чогултууда. Көргөн адамдардын айтымында, ал адам болжолдуу түрдө 20-30 жаш курагында болгон. Ал эми факты боюнча кылмыш иши козголду", - деди Нурбаев.

Эскерте кетсек, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Маевка жана Ак-Босого айылдарынын бир нече жеринде өрт кырсыгы катталган. Аталган айылдарда 3 унаа, 1 турак үй жана соода күркөсү өрттөнүп кеткенин укук коргоо органдары тастыкташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: