super.kg logo
  Саясат  

Саясий кызматтагы адамдардын камакка алынган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепилдик берүүсүнө тыюу салуу демилгеленүүдө

 

Жогорку Кеңеш 29-майдагы жыйынында депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Каныбек Иманалиев тарабынан демилгеленген "КРнын Кылмыш-процесстик кодексине түзөтүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланды. Мыйзам долбооруна ылайык, саясий кызматта иштеген адамдардын камакка алынган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепилдик берүү сунуштамасына тыюу салынат. Ага Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү да кошулмакчы. 

 

Демилгечилердин айтымында, көбүнчө мындай кепилдик сунуштамаларын эл өкүлдөрү берип келет. Ага саясий кызматта иштегендерди да кошуу максатка ылайык келет. Көпчүлүк учурда депутаттарга камакка алынган адамдардын тааныштары менен жакын туугандары кайрылат. Депутаттар же министрлер андан баш тарта албай калган учурлар көп кездешет. Саясий кызматтагы адамдар андай иштерге аралашпоосу керек. 

 

Бир катар депутаттар карапайым адамдар депутаттарга эл өкүлү катары кайрыла тургандыгын билдиришти. Алардын айтымында кызмат адамдарынын камакка алынгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү эске алынарын же алынбай турганын сот өзү чечиши керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: