Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын подполковниги Казакстанда баңгизат менен кармалды
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги Казакстанда баңгизат менен кармалды. Бул маалыматты Башкы штабдын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Алардын айтымында, У.А аттуу Башкы штабдын кызматкери Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан өтүп бара жаткан учурда кармалган.
"Бул тууралуу маалымат бизге бүгүн келип түштү. Биздин офицерлер "Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун" алкагында Казакстанга машыгуу үчүн бара жатышкан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Кийинчерээк толук маалымат Башкы штаб тарабынан берилет", - деди аталган кызматтын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Чоң кызматта иштегендердин көпчүлүгү негизи рекеттер.
Жестокий мир