super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы: Кыргыз курама командасы 4:3 эсеби менен Өзбекстандын командасына жеңилип калды

 

Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Өзбекстан курамасына жеңилип калды.

Беттештин 5-мүнөтүндө Өзбекстан курамасынын оюнчусу Давранжон Абдурахманов таамай сокку менен эсеп санын ачкан. Арадан 1 мүнөт өтпөй Константин Свиридов эсепти 2:0 кылды. Буга Кыргыз курамасы 8-мүнөттө Эмил Каниетовдун голу менен жооп берген. Эсеп 2:1.

11-мүнөттө Өзбекстан курамасынын чабуулчусу Машраб Адилов кайрадан голдордун аралыгын кеңейтти. Эсеп 3:1.

Кыргыз курама командасы эсепти тең кылганга шашылып 15-мүнөттө Келкел Анарбековдун голу менен айырмаланды. Бирок Өзбекстандын футзалчылары арадан 1 мүнөт өткөрбөй эсепти 4:2 кылганга үлгүрүштү.

2-таймда Кыргыз курамасы чабуулга чыгып, гол киргизгенге аракет жасады. Кылган аракети 35-мүнөттө акталып Эмил Каниетовдун күчү менен эсеп 4:3 болду. Мындан соң калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасы 3 беттештин жыйынтыгында 6 упай топтоп 2-орун менен финалдык баскычка өтө алды.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы 15-октябрда алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен кез келип 5:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми кечээ, 16-октябрда Непал курамасы менен туш келип 5:0 эсебинде утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.10.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Футболдонда ушундай ийгиликтерге жетейли
17.10.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушул биздикилерге футбол жарашпайт экен бизге курош бокс кок бору бойунча эле жакшы экенбиз
17.10.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбекстан кучтуу футзалдан . алга жигиттер келечек алдыда!!
17.10.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул озбектерди женип,наркы Непал дегендерден женилсенер да суйунот болчум.
17.10.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Футзал эле болот бизге чон поляга чарчап калат экен чуркай берип
Ulan2601 түзөттү 2017-10-17 20:59:13
17.10.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эле натыйжа [moderated] футболчулары кучтууроок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: