super.kg logo

"Пусть говорят" телеберүүсү жеңип алган "ТЭФИ-2017" сыйлыгы кимге ыйгарылгандыгы белгилүү болду

 

Орусиянын белгилүү "Пусть говорят" телеберүүсү "ТЭФИ-2017" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлады.

Анда жазылгандай, "Пусть говорят" телеберүүсү "ТЭФИ-2017" сыйлыгынын "Прайм тайм убагындагы көңүл ачуучу мыкты телеберүү" номинациясына ээ болду.

Телеберүүнүн мурдагы алып баруучусу Андрей Малахов билдиргендей, алар бул сыйлыкты көптөгөн жылдар бою күтүшкөн.

"Бул сыйлыкты биз абдан көп убакыт күткөнбүз. Жыл сайын эгерде сыйлыкты жеңип алсак эмне деп сүйлөйбүз, кандай кийим кийип барабыз, баарына даярдачубуз, акыры минтип көп жылдык эмгектин акыбети кайтып, сыйлыкка жеттик", - деген ал.

Алып баруучуга сүйүнүчтүү кабарды алгач кесиптеши Тина Канделаки билдиргенин, андан соң куттуктоолор суудай ага баштаганын билдирген. Сыйлык тапшыруу аземинде Орусиядагы Биринчи каналдын башчысы Константин Эрнст сахнага чыгып, көпчүлүк күтүп көргөн "Пусть говорят" берүүсүнүн үстүндө көптөгөн адам эмгектенерин белгилеп, бул статуэтканы телеберүүнүн мурунку алып баруучусу Андрей Малаховго тапшырган.

Алып баруучу өз кезегинде бул сыйлыкты телеберүүнүн продюсерлери Наталья Гальковичке жана Михаил Шаронинге өткөрүп берүү эң туура чечим болот деп билдирген.

"ТЭФИ" - телеискусство жаатында ийгилик жараткан берүүлөргө тапшырылчу Орусиянын улуттук сыйлыгы. Сыйлык 1994-жылы 21-октябрда уюшулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.10.2017. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Малахов кеткенден бери "Пусть говорят"ты коргум келбей калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: