super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: Боюнун кыскалыгынан ыңгайсыздана берген актёр Сергей Безруков 44 жашка толду

 

2003-жылы жарык көрүп, болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетишкен "Бригада" телесериалынын жылдызы, Саша Белый деген атка конгон орусиялык актёр Сергей Безруков бүгүн, 18-октябрда 44 жашка толду.

Кино гана эмес театрда да башкы ролдорду ойноп ийгиликке жетишкен Безруковду театр чөйрөсүндө анын келишимдүү жылмаюусу үчүн "Нурлуу бала" деп атап коюшкан. Белгилүү актёр жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Боюнун кыскалыгынан уялчу

"Мектепте окуп жүргөн кезимде боюм кичинекей экендигине дайыма кабатыр боло берчүмүн. Бирок мени мектептеги эң сулуу, бою узун кыз сүйүп калгандан кийин бул тынчсыздануум жоголгон", - деп билдирген актёр. Ошондой эле дүйнөгө таанымал болгон белгилүү адамдардын көбүнүн бою кичинекей экенин айткан.

Эң жакын досу - атасы

Сергейдин атасы уулун дайыма кайраттуу, сабырдуу болууга тарбиялаган. Ал убактысынын тардыгына карабай баласына жакшы көңүл бөлүп, ага жаңы нерселерди үйрөтүүнүн үстүндө жүргөн. Кийин эр жеткен кезде спорттун ар кандай түрлөрү менен машыктырып баласына мыкты ата, мыкты дос боло алган.

Өмүрүндө бир эле жолу мас болгон

Актёр өмүрүндө бир эле жолу мас болгондугун айткан. Ал 16 жашында досу менен Жаңы жыл күнү спирт ичимдиктеринин бардык түрлөрүн аралаштырып ичкен. Эртең менен башы ооруп, эч нерсени эстей албай койгон. Баласын мындай абалда биринчи жолу көргөн атасы эч нерсе дебестен "Эми, түшүндүңбү?" - деген гана суроону узаткан. Ошол мезгилден тарта ушул күнгө чейин актёр спирт ичимдиктерин мас болгончо ичпейт.

Жашоодо бардык нерсе чын жүрөктөн болуусун каалайт

"Бул жашоодо адам өзү чындап каалаган иши менен алектенгени оң, анткени жумуш бул биздин жашообуздун өзөгү", - деп эсептейт актёр. Ошондой эле эгерде ага жакпаган ролду жаратууну сунушташса, ал башкы роль болсо да андан баш тартарын белгилеген.

Сергей Безруков 1973-жылы Москвада төрөлгөн. "Бригада" сериалы чыгар замат актёр Орусиядагы “Жылдын жүзү” сынагында “Жылдын актёру” наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков Орусиянын Эл артисти наамына татыган. Сергей Безруков "Карнавальная ночь-2", "Ирония судьбы. Продолжение", "Адмиралъ", "Мамы", "Джентльмены, удачи!" жана башка тасмаларга тартылган.

18-октябрга карата жылнаама.






Чыныгы достук баяндалган БРИГАДА сериалы жөнүндө

Сергей Безруков "Апа"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
03.03.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх сонун кино да. Коргондон эч тажабайсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: