super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев Казак бийлигине 1986-жылы Алматыда болгон кайгылуу окуяны эстетти

 

Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземинде Казакстандын бийлиги тууралуу сөз сүйлөдү.

“Салттуу болуп калган стипендияны 5-6-жолу берип жатып, жаштарга маанилүү нерселерди айтпай калганыма өкүнөм. Ошондуктан бүгүн силерге маанилүү теманы айтайын. Мен идеологиялык көз карандысыздык, суверенитет жөнүндө айткым келет. Бардык өлкөлөр өздөрүнүн көз карандысыздыгы, тынчтыгы үчүн күрөшкөн”, - деди президент.

Андан соң Алмазбек Атамбаев Казакстандын Алматы шаарында 1986-жылы болгон кайгылуу окуяны эске салды.
“Казакстандын бийлигине Москвадан такыр белгисиз адам дайындалганда декабрь айында Алматыда он миңдеген жаштар көчөгө чыгып, көбү атылган. Эң негизгиси - Казак бийлиги буларды унутту”, - деген пикирин айтты Атамбаев.

Расмий маалыматтар боюнча, 1986-жылы 17-18-декабрь күндөрү Алматыда элдик толкундоолор болгон. Миңдеген адам Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухамед Кунаевдин кызматынан бошотулуп, анын ордуна “борбордон” түшүрүлгөн Геннадий Колбиндин келишине каршы пикирлерин билдирип турушкан. Атайын түзүлгөн партиялык штабда демонстрацияны таратуу туурасында чечим чыгарылып, Алматыга алынып келген аскерлер адамдарды ур-токмокко алып, аянтты бошотушкан. Аскер менен кагылышта миңдеген адам жаракат алып, алды соттолуп, айрым адамдар дайынсыз жоголгон.






Атамбаев Казак бийлигине 1986-жылы Алматыда болгон кайгылуу окуяны эстетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: