super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 41-орунда жайгашты

 

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде октябрь айынын жыйынтыгы боюнча 41-орунду ээледи. Бул тууралуу рейтингди түзүү менен алектенген сайттардын бири бүгүн, 18-октябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасы 1053 упай топтоп 41-орунда жайгашкан. Тизмеде улуттук кураманын алдында 1061 упай топтогон Перу курамасы турат, 1052 упай менен Грузия курамасы Кыргыз футзалчылардын артында жайгашкан. Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунда жайгашууда.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бразилия турат, алдынкы ондукта Испания, Орусия, Аргентина, Иран, Италия, Португалия, Украина, Казакстан, Азербайжан командалары жайгашкан.

Эске салсак, 1-августка караган рейтингде Кыргыз курамасы 41-орунда болчу, бирок сентябрь айынын жыйынтыгында Кыргыз футзалчылар 43-орунга түшүп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.10.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоң футболдо да ушундай рейтингди багындырышса кана
18.10.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар! Дагыда ийгиликтерди багынта бериниздер! Алга Кыргызстан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: