super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Сакал койгон "чала молдолор” кыргыз элинин жана исламдын душманы”

 

Бүгүн, 18-октябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мыкты студенттерге президенттик стипендия берди.

Ал студенттерди билим алууга үндөп, диний сабатсыздыкты жоюуга чакырды. Атамбаев жогорку жана орто билим берүү мекемелерине куран китептерин өз каражатынын эсебинен таратууга да даяр экенин айтты.

Айрым имамдар, сакал койгон "чала молдолор" мусулмандардын ой-жүгүртүүсүн өлтүрүп, орто кылымга алып баргысы келип жатат. Ой-жүгүртүүдөн кереметтер жаралат. Урматтуу менин мекендештерим, балдарым, ойлонгула. Куранды окугула. Мен силер үчүн атайылап ар бир университетке, мектепке таратпасам болбой калыптыр. Болгону 20 барак болот, курандын сөздөрүн окугула. Курани каримди биздин "чала молдолор" башка жактагылардан үйрөнүп алып, таптакыр башка жакка алып бара жатат. Динде "мажбурлоо, таңуулоо" жок деп турса, алар "дамбал кийгиле, башыңарга кара мүшөк кийгиле" дешүүдө. Алар кыргыз элинин душманы, исламдын душманы”, - деди Атамбаев.






Атамбаев: "Дамбал кийип, башыңарга кара кап кийгиле" деген чала молдолор эл душманы"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: