super.kg logo

Бегиш менен Баястан: "Сулуу кыздарды көргөндө "теке" экен деп коёбуз"

 

Саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG'нин түз эфиринде рэперлер Бегиш менен Баястандын маеги башталат.

Сүйүү ырлары менен популярдуу болгон ырчы жигиттердин жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сизди кызыктырган суроолорду жөнөтүңүз. Жообун түз эфир жүрүп жаткан учурда рэперлердин өзүнөн угасыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген собол ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын алдына жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:17 SUPER.KG'нин түз эфири рэпер Бегиш менен башталды, Баястан кечигүүдө.

15:18 Баястан түз эфирге кечигип келди.

15:20 Рэперлер алып баруучулардын "ойготкуч суроолоруна" жооп берүүдө.

15:22 Суроо: Качан концерт бересиңер?

"Жакында шаарыбыздын кафелеринин биринде чыгармачылык кечебиз өтөт", - дейт рэперлер.

15:22 Рэперлер ырды кантип жазып жана тандай тургандыгы тууралуу айтып берүүдө.

15:28 Баястан рэп окууда.

15:30 Суроо: "Теке" аттуу ыр кандай жаралып калган?

"Теке - бул жакшы жаныбар, негизи жаштардын тилинде жакшы бир нерсени "теке" деп атап коёт эмеспизби, ошол себептен "Теке" деп аталып калган. Биз сулуу кыздарды көргөндө "теке" экен деп коёбуз", - деген жообун узатышты.

15:34 Суроо: Бегиш, сүйлөшкөн кызың эмне менен алектенет?

"Сүйлөшкөн кызым юрист, өз кесиби менен иштейт".

15: 36 Рэперлер алардын чыгармачылыгына сын айткандарга караганда колдоо көрсөткөндөр көп экенин айтышты.

15:39 Суроо: Баястан, келечекте медицина тармагында эмгектене турган адамсың, эфирде Гиппократтын антын айтып берчи?

"Гиппократтын антын окууну бүтөрдө айтам. Аны жогорку курска барганда жаттатат. Азырынча жаттай элекмин".

15:42 Баястан атайын каражаттарды ичип, машыгуу залына барып жатканын айтып берди.

15:45 Суроо: Сырткы келбетиңерди өзгөртүп, сакал коюп көрдүңөр беле?

"Андай деле ойлор жок, балким, кийинчерээк коюп калышыбыз мүмкүн" деп жооп беришти бир ооздон рэперлер.

15:48 Рэперлер өздөрүнүн мүнөздөрү тууралуу айтып берүүдө.

Бегиш: "Талапты катуу коём, бирок ошол талаптарга өзүм жооп берем".

15:51 Суроо: Жандап жүргөн кызыңарды кантип эркелетесиңер?

Баястан: "Романтикмин, дайыма гүл берип турганды жакшы көрөм, коёнегим деп эркелетем, ал мени аюу дейт".

Бегиш: "Сүйгөнүм, жаным деп эркелетем. Бирок көп эркелеткенге жокмун".

15:54 Баястан менен Бегиш "Акыркы кат" чыгармасын жандуу аткарып беришүүдө.

15:57 Эфирде оюн орун алды. Рэперлер ооздоруна жаңгак салып "Эне тил" чыгармасын аткарууда.

16:03 Суроо: Сөздөн жаңылып өкүнгөн күндөрүңөр болду беле?

"Ар бир адамда болсо керек, бирок андай учурлар көп эле боло бербейт. Акыркы жолу эмнеге өкүнгөнүм эсимден чыгып жатат", - деп жооп узатты Бегиш.

16:06 Рэперлер каражатты кайсы жактан табары жөнүндө маалымат беришүүдө.

"Биз деле башка ырчылардай болуп тойлордо ырдайбыз, андан да башка жерлерден каражат табабыз. Мамлекеттин ырчыларга патент алышы керек дегени туура эмес деп эсептейбиз. Анткени мамлекет тарабынан бизге эч кандай жардам жок. Албетте, жарандык салыкты төлөгөндөн баш тартпайбыз", - дейт Бегиш.

16:14 Суроо: Баястан,сүйлөшкөн кызыңыз Зульфия менен кайсы жактан таанышкансыз?

"Ал бийчи болгондуктан биздин ырга бий коюп жаткан маалда таанышканбыз. Алгач Инстаграм баракчасынан издеп таап, сүрөттөрүнө "жакты" белгисин басып жүрчүмүн. Андан соң таанышып, сүйлөшө баштаганбыз", - дейт рэпер.

16:18 Суроо: Аяна Касымова менен эмнеге сүйлөшпөй калдыңыз?

Баястан: "Ушундай болуп калды, Аяна Касымова менен сый мамиледе калдык, азыркы сүйлөшкөн кызыма үйлөнөм деп ойлойм".

16:23 Рэперлер колдонуучунун суроосуна ылайык, өздөрүнүн жети аталарын атап беришүүдө.

16:25 Ырчылар чыгармачылыгы, алдыга койгон максаттары тууралуу айтып беришти.

Бегиш: "Жакынкы арада "Кара тору Бегиш" аттуу альбомум жарык көрөт. Азыркы тапта альбомдун 70 пайызы даяр болуп калды. Буюрса, бардык жаңылыктар менен сиздерге бөлүшөбүз".

16:30 Бегиш менен Баястандын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду





Бегиш менен Баястан: "Сулуу кыздарды көргөндө "теке" экен деп коёбуз"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
18.10.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Салам жигиттер!Бегиш сизге суроо берейин дедим эле. Мен озум Алайдан болом. Сиз дагы Алайдын кулунусуз. Балалык кезинизди айтып бересизби? Эмнеге бишкекке кетип калдыныздар.
18.10.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саламатсыздарбы! Кутмандуу кунунуздор менен ишиниздерге ийгилик каалайм! Айтыныздарчы апаныздар сиздерге жашоо белек калды а сиздер апаныздарга берген эн балуу белегиниздер тууралуу айтып бериниздерчи
Yiman97 түзөттү 2017-10-18 16:02:00
18.10.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Саламатсынарбы эгер президент болуп калсанар эмнени озгортот эленер
18.10.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
beklan.kz12,эмне болмок эле.текелерди кобойтмокда
18.10.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалом алейкум Бегиш байке сизге ден соолук чыгармачылык ийгилик сизге суроом суйлошкон кызыныз озунуздон канча жаш кичуу???
muh00 түзөттү 2017-10-18 15:50:41
18.10.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жети атанды атап берчи Баястан Бегиш
18.10.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой сойгонду билесинерби жиликтеп дегендей Кыргыздын жигиттери
18.10.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таппай калганда урдура бересинерби ыя
18.10.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менде суроо: Эл көзүндөгү адамдар болгондон кийин сын-пикир көп болот. Алардын арасында жөндүүсү да, жөнү жок сындар да болот эмеспи. Мага силер өзүңөргө карата айтылган сындарды кабыл алгыңар келбегендей сезилесиңер. Силерге кандай сындар катуу тиет?
18.10.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
18.10.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому алейкум .
Менде суроо ,кайсыл жерде аттын буту болбойт?
18.10.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бегиш, "девушка не стена" деп коёт го, бул сөз сиздин оюңузча канчалык деңгээлде чын? Кызыңызды канчалык сүйөсүз? Кандай келбеттүү кыздар жагат?
18.10.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ачкинди алып салчы
18.10.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баястан салам! Зульфия менен суйлөшүп атыптырсың, бактылуу болгула. А Аяна Касымова эмне болду? Аны менен кандай мамиледесиңер азыр?
18.10.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегииш, кызыңызды тартып алчудай эле ачууланып кеттиңиз гоо. Жаш кыздын шагын сындырдыңыз, жашоого болгон кызыгуумду кетирбеңизчи. Жолуксак сиз мени жактырып калаарыңызга көзүм жетет... Админ менин жообумду сөзсүз окуп коюңузчу, сураныч.
18.10.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Заманбаптын логосу бар бир буюм белек кыла аласыздарбы, же андай эрдикке бара албайсыздарбы?
Чын эле тиги жангактарды отургузуп кийинки эфирге суротун алып келбейсиздерби? Кутолу))))
18.10.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунор Текесинер антбейт сулуу кыздарды ,,Тике,, дейт ар жагынан тегиз, типтик дегендей
18.10.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rajab,булар соз деп эле ХХХХ беришет экенда.сен айткандай "тике" же "тик" деп коюшат.мааниси "бийик" дегенди билгизет.а Теке деген эчкинин куйоосу болот!суйгон кызынар эчки.а озунор текесинер.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-20 10:30:56
18.10.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Белекти ким алды кабарлап койсонуздар админ
18.10.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yiman97, саламатсызбы! Бул жолу белек берилген жок.
18.10.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aza17, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
18.10.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээ жигиттер кыргыздык намысынар болсо батыштын шайтанга окшогон стилиненен алысыраак эле болсонор, тем более силердики окшошпой атат, куудулдарга маскара болуп атасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: