super.kg logo

Суу чарба департаменти: "Киров суусун агызуу Кыргыз-Казак чек ара маселесине тиешеси жок"

 

"Талас облусундагы Киров суу сактагычынын суусун агызуу чек ара маселесине тиешеси жок". Мындай оюн Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Кокумбек Таштаналиев бүгүн, 18-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын билдиришинче, сууну агызуу оңдоо иштерине гана байланыштуу.

"Казакстан суу сактагычтагы ички оңдоо иштерине кийлигишпейт, суу сактагычтын сыртындагы, биз көрсөтүп берген жерлерди гана оңдошот. Буга жылына 25, 30 миллион тенгенин тегерегинде акча коротулат. Ал эми калган 40-45 миллион тенгенин тегерегиндеги акчаны Талас облусундагы жана Чүй облусундагы суу сактагычтарды оңдоп-түзөө иштерине жумшашат.

Албетте, баалар өсүп жаткандыктан бул каражат аз. Ошондуктан "бөлүнгөн каражаттын көлөмүн минималдуу түрдө 120 миллион тенгеге көбөйткүлө" деп Казакстанга сунуш бергенбиз. Алар кийинки жылдын планына киргизип чече турганын айтышууда. Жакынкы аралыкта бул маселе оң жагына чечилет деген ойдобуз", - деди ал.

Ал эми сууну агызуудан Манас району да, Казакстандын Жамбыл облусуна да кооптуу жагдай жаратпай турганын кошумчалады департаменттин жетекчиси.

Эскерте кетсек, Киров суу сактагычы 1975-жылы Талас дарыясына курулган. Эртеңден баштап андагы 30 миллион метр куб суу толугу менен агызыла турганы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.10.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда кетет анан ошол акчалар.
18.10.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, ондоп тузоо иштерине жана жумушчулардын алык акысы дейт
18.10.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин тышкы саясат талкаланды. Бакиевди канча жаман деп айтсак да. Тышкы саясатты жакшы жүргүзгөн! Нарындын (Токтогул вдхр) ашыкча суусун да кышында койо (коё) берүү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: