super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: Балачагында 5 жыл балетке катышкан Жан-Клод Ван Дамм 57 жашка толду

 
Жан-Клод Ван Даммдын бала кези жана азыркы учуру
Жан-Клод Ван Дамм машыгуу учурунда
актёрдун жаш кези
актёр «Самоволка» тасмасында
Жан-Клод Ван Дамм «Кровавый спорт» тасмасында
Жан-Клод Ван Дамм жубайы Глэдис Португез менен
Жан-Клод Ван Дамм уулу Кристофер менен
актёр өзүнүн эстелигинин алдында
актёрдун үй-бүлөсү менен жаш кезинде түшкөн сүрөтү

Теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр, каскадёр Жан-Клод Ван Дамм бүгүн, 18-октябрда 57 жашка толду.

Ал Бельгиянын Беркем-Сент-Агат аттуу жеринде бухгалтер менен гүл сатуучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жан-Клод Ван Дамм төрөлгөндөн кийин апасы жумушун атасына өткөрүп берип жалгыз уулун тарбиялоо менен алектенген. Учурдагы актёрду бала кезинде арык чырай, назик, көп ооруган улан болгон дегенге көбү ишенбейт. Бирок анын бала кези дал ушундай сүрөттөлөт, ал тургай 5 жыл бою классикалык балетке катышып, Париж операсына чакыруу алган.

Баланын көп ооруганына кейиген атасы 10 жашында аны белгилүү каратистке алып барган. Бир жыл спорт менен машыккан бала оору дегенди унута түшкөн. Аны карате менен машыктыргандар андан мыкты спортчу чыга турганын айтышкан.

16 жашынан тартып профессионалдык спортко аралашкан Жан-Клод карате боюнча кара курга ээ болуп, беттештерде жеңиштерге жетишкен.

Бирок ал биротоло спортту тандабагандыгын 1981-жылы далилдеп, досу менен Голливудга кеткен. Адегенде айдоочу, кийин карате боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип 1984-жылы алгачкы ролго ээ болгон.

50дөн ашык тасмаларда роль жараткан, чымыр денелүү актёрдун жылдызын жандырган тасмалар - "Кровавый спорт", "Кикбоксёр", "Самоволка", "Двойной удар", "Универсальный солдат", "Трудная мишень", "Патруль времени", "Неудержимые 2" жана башкалар.

Жан-Клод Ван Дамм 2 жубайы менен ажырашкандан кийин, 1986-жылы бодибилдинг боюнча Америка чемпиону, фотомодель Глэдис Португез менен таанышып, үйлөнүп Кристофер аттуу уулдуу жана Бьянка аттуу кыздуу болушкан.

18-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: