super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Айымдар ар дайым сүйүктүү болуш үчүн эмне кылуусу керек?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ар дайым сүйүктүү болуш үчүн..." деген темада автор: "Сүйлөшкөн жигитибиз же жолдошубуз ар дайым "сүйүктүүм", "мен бактылуумун" , "сен менин жаным экенине Кудайга миң ирет ыраазымын" деп кайталап турса кандай жагымдуу. Мындай сөздөрдү ар дайым угуп турсак асманда учуп эле калат эмеспизби. Сүйлөшкөн жигитибиздин же жолдошубуздун ар убак көңүл чордонунда болуп, ар дайым сүйүктүү болуш үчүн эмне кылыш керек? Кандай болуш керек? Өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керек? Кыздар-кызгалдактар, эжелер, жеңелер ой бөлүшсөк сонун болмок", - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жакшы аял жаман эркекти хан кылат, жаман аял жакшы эркекти жок кылат" демекчи баары аялдын колунда. Күйөөңүздүн кабак-кашына карап мамиле кылуу керек. Жолдошуңуз жумуштан келерде тамак жасап, өзүңүз жасанып-таранып, күлүп тосуп алсаңыз кандай күйөөгө жакпайт".

"Эгер күйөөңүздүн сөзүн оңдоп, такай акыл үйрөтө берсеңиз, ал бара-бара чөгүп, өзүндөгү баалуулуктарды жогото баштайт. Андан көрө ал өзүн акылдуу, күчтүү, айкөл сезе тургандай кептерди айтыңыз. Эркектер өз аялы үчүн баатыр болбой калганда ичип, ойноп, ала жипти аттай башташат. Акылдуу аял коркок күйөөсүн деле кадимки баатырга айлантып коё алат. Аялынын өзүнө кандай мамиле жасаганын көргөн эркек эртеби-кечпи сөзсүз түрдө ага күчтүүлүгүн далилдегенге аракет кылат.

Эч качан күйөөңүздү башка менен салыштырбаңыз. Эгер салыштырсаңыз, сизге башка типтеги эркектер жагарын күйөөңүз дароо сезет. Анан ал кимдир-бирөө үчүн мыкты болгусу келип, көңүлдөш издеп баштайт. Сизге бербеген белекти башкага берет, сизге жасабаган мамилени башкага жасайт, анткени сизди кызыктыра албай калганын билет. Анан аягында күйөөңүз жеткен акмак болуп чыга келет. Сиз болсо буга өзүңүз күнөөлүү экениңизди эч качан моюнуңузга албайсыз".

"Менин үйүм - менин чебим" деген сөз көбүнчө эркектерге тиешелүү. Эркектер үчүн өз үйү коопсуз, тынч жай болууга тийиш. Үйүндө аны эч ким урушпаш керек, ал жерде ызы-чууларга, нааразычылыктарга туш келбеш керек. Үйдөн аларды кубаныч менен тосуп алуу зарыл. Аял күйөөсүнүн мыктылыгын, акылдуулугун баса белгилеп, аны менен сыймыктанып туруусу зарыл. Эгер кемчилигин айтууга туура келсе, "мен сенин аракетиңди жогору баалайм, бирок дагы башкачараак болсо андан да жакшы болмок" деген сөз гана жетиштүү болот".

"Бир жакшыга бир жаман туш болуп калат. Анан эле сопсонун, тиричиликке тың, аракетчил кыздар турмушка чыккандан кийин аябай жүдөп, чүнчүп да кетет. Сүйүктүү жар болуу - бир гана аялзатынан эмес, барган жеринен да көз каранды".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(6)
18.10.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу балана отот,дегендей кеп бар..бирок 20 жыл омур сургон адам бир жылдан бери такыр башка...деп курбум куйоосуно нааразы балдарды карап атса конулдош таап кеткен семясына кошконул болгонуна тан калбаш керек андайлар кооп, акчаны жеткидей берип атам, машинен бар сага эмне керек??балдарды карап отур карыбадыкпы я деп урушат экен..40 жашта аялы экоо карып калса билбейм..ай эркектер.кайда кетет 20 жыл жашап алып дебей аялга деле внимание кылып койсонор эмне??акча машине кийим болсо болду эмесго
19.10.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жака жазгандар 2012-жылы деп журот го ошондон бери эми чыгып атабы главный кабарга? Тушунбой жатам
19.10.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Benazir08, кайсы жерде турат 2012 деп?
19.10.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Benazir08, саламатсызбы!
Теманын кайсы жылы талкуулангандыгы эмес, актуалдуулугу маанилүү.
19.10.2017. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи макаланын темасы боюнча айтсак, эркек аял бири бирин туура тушунуп, жашоого болгон коз караштарын туура баамдап жашаса ким тоскоолдук болот ? Уйдогу иш пландар ачык айкын болсо бири бирине, жогорудагы айткан конул калуу болбойт деп ойлойм.
19.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял киши табышмактуу болуш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: