Кыргызстанда “Жибек жолунун жылдыздары” аттуу фетиваль өтөт
Кыргызстанда 3-14-сентябрь күндөрү “Жибек Жолунун жылдыздары” аттуу фетиваль өтөт. Иш-чарага Кыргызстан мене Германиянын18-30 жаштагы сүрөтчү, музыкант жана композиторлору катыша тургандыгын сүрөтчү Виктор Сырнев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Фестиваль учурунда эки өлкөнүн сүрөтчүлөрү Ысык-Көл облусундагы кооз жерлерди пейзаждык сүрөт кылып тартышат. 10-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, 11-сентябрда Улуттук консерваторияда музыканттардын катышуусундагы концерттик кече өтөт. “Фестивалдын максаты жаштардын талантын ачууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Иш-чараны 2 жылда 1 ирет жогорку деңгээлде өткөрүп турууга умтулабыз”,- деди Сырнев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.