super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: Залкар комузчу, күүчү, ырчы Нурак Абдырахманов арабызда болгондо 70 жашка толмок

 

Залкар комузчу, күүчү, ырчы, дастанчы Нурак Абдырахманов көзү тирүү болгондо бүгүн, 19-октябрда 70 жашка толмок.

Ал 1947-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган. Райондук маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болгон. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирлердин жана элдик ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, массалык нуска менен чыгарылган. 2001-жылы август айында Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКО менен биргелешип өткөрүлгөн музыкалык фестивалдын байгесин жеңип алып, ЮНЕСКОнун сертификатынын ээси болгон. Бул сертификат Нурак Абдырахмановго дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун концерт берүүгө жолдомо болгон.

Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары анын өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалаган. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 2014-жылы 25-майда 67 жаш курагында дүйнө салган.

19-октябрдын жылнаамасы.






 
 Кыстарылган аудио 

Нурак Абдырахманов "Улуу тоолор"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
Медиа-портал
08.11.2010. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурак ата коп жашаныз ! Сиздей адамдар бар учун Кыргыз кочу уланып келет. Бул чыгарманыз учун башым ийип таазим этем.
Медиа-портал
08.11.2010. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх, кыргызча тамгаларды чекесинен чертип-чертип жазган клавиатура болсо э?. көч коч болбойт эле, көчүү кочуу болбойт эле...
Медиа-портал
09.11.2010. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде 500 символдук кат жазылбайт го? болгону жарымы эле чыгып калып атат???
Медиа-портал
10.11.2010. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай соонун чыгарма, туулган жериндеги ата-энендин мандайындагы кездерди эстетет.
Медиа-портал
12.11.2010. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бул күүнүн аталышы "ата мурасы" эмес, "Улуу тоолор" деп аталат. Күүнүн башы Улардын үнүнө салыштырылып башталат. Нурак авага кеч болсо да "Эл артисти" наамы берилгендиги кубандырат.
Медиа-портал
14.11.2010. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidan tapsak bolot bul kYY menen ooorup jurom
Медиа-портал
15.11.2010. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана сонун куу,Кыргызстанды сагынып кеттим.Комуздун живой унун сагындым.
Медиа-портал
18.11.2010. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин өздүк бетиме электрондук даарегиңерди жазып койгула "Супер Инфо" каршы болбосо силерге бул күүнү жонотуп коем
Медиа-портал
25.11.2010. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет!!!
Медиа-портал
05.12.2010. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимде бул куу бар болсо msm84@list.ru дарегине жонотуп койгула.
Медиа-портал
06.12.2010. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккандан чарчабайсын мындай кууну! Мумкун болсо "Ата мурасын" да кошуп койгулачы
Медиа-портал
11.12.2010. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурак ата! Сизге данк.. Коп жашаныз. Сиз бар кыргыз улуту бар. Сиз бар кыргыз онору бар. Сиз менен дуйно элине сыймыктанам.
Кандай гана Керемет куу укканда жан дуйного кубаныч тартуулайт. Жашасын кыргыз куусу!
Медиа-портал
23.12.2010. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурак Абдрахманович бар болунуз узун омур сизге ,кылым карыткан куулорду жарата бериниз дагы дагы, сизди урматтап угуп келем дайым.
Медиа-портал
19.10.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saltane,жогоруда теманы толук окуп алсас болмок
Медиа-портал
23.12.2010. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана классика ээ чындыгынды!!! эмне деген терен ой жатат тарыхты чагылдырган !!!
Медиа-портал
05.01.2011. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комуздун унун уксам мекеним Кыргызстанды сагынам
Медиа-портал
19.01.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөктүн түбүнө жеткен күү
Медиа-портал
01.02.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куу болбосон коё кал!!! Аксакалдарыбыздын баары Нурак атадай нускалуу болсо кана, атаганат!!!
Медиа-портал
20.04.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын комуз куусу керемет!!!
Медиа-портал
22.04.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan Germanija.
Nurak ata ! sizge taazim!
bul kuu meni kirgizdin butundoi tarixin 4agildirat.
jana koz jawim tolkundanat.
super info ! ko4uruugo mymkyndyk bergile ! sizderden surani4 . Sizderdi teren urmattoo menen Ulan!
Медиа-портал
09.10.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кууну кыргыз эли гана тушунсо керек, менимче ушул эле кууну оруска же америка-ке чертсе эч нерсе тушунбосо деле керек. А кыргызга чертсе жан дуйносун жарып, бир ойлондуруп, коз алдынан коп нерсени корсотуп коёт!!!
Медиа-портал
16.01.2012. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул күүнү жүктөгөн адамга кайрылат элем: "Эгер мүмкүн болсо, мезгил жаңырыгы же жаштаргабы, билбейм, айтор, Нурак атабыздын башка болгон күүлөрүнөн да жүктөп койсоңуз жакшы болор эле!"
Алдын ала ыраазычылыгымды билдирем!
Медиа-портал
08.10.2013. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу, залкар күү...
Медиа-портал
08.10.2013. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул убакка чейин ушундай улуу музыкадан кабарсыз жүргөнүмө өкүнөм... Мендей болуп, өз элинин, демек өзүнүн керемет күүлөрүн жакшы билбеген жаштар, ал түгүл улуу муундун өкүлдөрү да миңдеп саналат... Өзүбүздө чети казылбаган кенч жатканын билбей туруп, классика деп дүйнөгө белгилүү композиторлордун музыкасына сук
Медиа-портал
26.05.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
=( жаткан жериниз жайлуу болсун! ((((
Медиа-портал
26.05.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун?!Бул инсан эмне,каза болдубу???
Медиа-портал
26.05.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cennetka, комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахманов 67 жаш курагында дүйнө салды:
http://www.super.kg/kabar/news/67171/
Медиа-портал
02.06.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет, сонун чыгарма.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Медиа-портал
26.04.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген ойлор... Нурак атанын арты кур эмес, умут арта турган улан кыздарыбыз бар, кудайыма шугур
Медиа-портал
11.08.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылым күүсү десек да жарашат
Медиа-портал
21.06.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча уксамда жадабаймго чиркин, уккан сайын уккуңду келтирет
Медиа-портал
02.12.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын классикасы! Жаткан жериниз жайлуу болчун аба.((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: