super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев: "Азиз Батукаев эч кандай ак кан илдети менен ооруган эмес"

 

Кримавторитет Азиз Батукаев эч кандай ак кан илдети менен ооруган эмес. Бул дарыгерлерден түзүлгөн көз карандысыз медициналык-эксперттик топтун жүргүзгөн изилдөөсүндө белгилүү болгондугун бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев айтты. Ал билдиргендей, Батукаев гастрит, циррозго өтүп кетүүчү гепатит, пиелонефрит, анемия, бронхит, холецистит, геморрой сыяктуу оорулар менен ооруган. “Ошондой эле ал 10 жылдан бери ийне сайынган баңги болгон. Батукаевдин жубайы жана карындашы арыз менен кайрылып андан кандын рагына анализ алууну өтүнүп турушкан. 26-февралда Батукаевдин карындашы гематолог жиберүүнү суранып, жыйынтыгында Нарынга консультант жөнөтүлгөн. Гематологиялык борбордун диагнозунун жыйынтыгында ак кан оорусу диагнозун коюшкан, ага аталган борбордун жетекчиси профессор Макембетов кол койгон. Бирок бул диагноз туура эмес экендигин дарыгерлерден түзүлгөн көз карандысыз медициналык эксперттик топ аныктады”,- деди Балтабаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: