super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы, 3-тур: "Барселона" өз талаасында 3 упайга ээ болду, "Базель" конокто "ЦСКАны" жеңип алды

 

18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары орун алды. Анда 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип упайлар үчүн күч сынашты.

Бул күнү испаниялык "Барселона" өз талаасында грециялык "Олимпиакосту" кабыл алды. Беттештин башкы мүнөттөрүндө испаниялык команда атаандашын кысып, кооптуу абалдарды жаратып жатты. 10-мүнөттө "Барселона" топту 78 пайызга ээлик кылды. 18-мүнөттө Жерар Деулофеунун алыстан узаткан соккусу "Олимпиакостун" коргоочусуна тийип өтүп, эсеп саны ачылды. 41-мүнөттө Жерар Пике колу менен гол киргизгени үчүн сары айып кагазына ээ болгон, бирок калыстын бул чечимине макул болбой катуу реакция көрсөткөнү үчүн дагы бир сары айып кагаз алып, оюндан четтетилди. Пикенин жоктугу оюнга эч кандай таасир берген жок, "Барселона" удаа-удаа чабуулдарды жасап, кооптуу абалдарды жаратып жатты.

61-мүнөттө "Олимпиакостун" оюнчусу Димитриос Николау айып аянтчанын сыртынан Лионель Мессини жыгып салды. Айып соккуну Месси мыкты аткарып эсепти 2:0 кылды, Мессинин бул голу ал үчүн УЕФАнын мелдештеринин алкагында 100-голу болду. Арадан 4 мүнөт өтпөй Месси атаандашынын коргоочуларын алдап өтүп Люка Динге топту чыгарып берген, Динь алыскы бурчка таамай сокку узатып эсепти 3:0 кылды.

Негизги убакыттын аягына 1 мүнөт калганда "Олимпиакостун" футболчулары чабуулга чыгып 1 гол менен жооп бере алды.

Бул жыйынтык менен "D" тайпасында "Барселона" командасы 9 упай менен лидерликти сактап келүүдө. 2-орунда 6 упай топтогон "Ювентус" командасы, 3-орунда 3 упай менен "Спортинг" командасы болсо, 4-орунда упайсыз келе жаткан "Олимпиакос" командасы.

3-турдун жыйынтыгы ("А", "В", "С" жана "D" тайпаларында):

"А" тайпасы

"ЦСКА" (Орусия) - "Базель" (Швейцария) 0:2;

Голдор: Таулянт Жака (29-мүнөттө), Димитри Оберлин (90-мүнөттө);

"Бенфика" (Португалия) - "Манчестер Юнайтед" (Англия) 0:1;

Маркус Рэшфорд (64-мүнөттө).

"В" тайпасы
"Андерлехт" (Бельгия) - "ПСЖ" (Франция) 0:4;
Килиан Мбаппе (3-мүнөттө), Эдинсон Кавани (44-мүнөттө), Неймар (66-мүнөттө), Анхель Ди Мария (88-мүнөттө).
"Бавария" (Германия) - "Селтик" (Шотландия) 3:0.
Томас Мюллер (17-мүнөттө), Йозуа Киммих (29-мүнөттө), Матс Хуммельс (51-мүнөттө)
"С" тайпасы
"Карабах" (Азербайжан) - "Атлетико Мадрид" (Испания) 0:0;
"Челси" (Англия) - "Рома" (Италия) 3:3;
Давид Луис (11-мүнөттө), Эден Азар (37, 75-мүнөттөрдө) - Александар Коларов (40-мүнөттө), Эдин Жеко (64, 70-мүнөттөрдө);
D” тайпасы
"Барселона" (Испания) - "Олимпиакос" (Греция) 3:1;
Николау (18-мүнөттө, автогол), Лионель Месси (61, 64-мүнөттөрдө) - Николау (89-мүнөттө),
"Ювентус" (Италия) - "Спортинг" (Португалия) 2:1;
Миралем Пьянич (29-мүнөттө), Марио Манджукич (84-мүнөттө) - Алекс Сандро (12-мүнөттө, автогол).





Барселона - Олимпиакос 19.10

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.10.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Барса алга!!!
19.10.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атлетико группасынан чыкпай калды окшойт Борруссия Дортмунд экоо
19.10.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,кайсыл жерден корсок болот кайсы канчада кетип жатканы?
19.10.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanybek121195, ХХХХ жазсанар лига чемпионов 2017 деп чыгат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-19 16:11:26
19.10.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барселона лучшее
19.10.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пике уят эле болду.эч ким корбой калгансып тимеле...
19.10.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пике уят эле болду.эч ким корбой калгансып тимеле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: