super.kg logo

Жакында көмүлгөн мумия маселеси парламентке жетти

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бир жумадан бери мумияны жерге берүү орчундуу маселе болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Маданият министрлигинин Тарых музейинде жаткан мумиянын жерге берилиши чоң талкууга түштү. Мунун алдында бир чоң иттин өлүгү бар. Эмне үчүн академиктер 60 жылдан бери жаткан мумия боюнча ачылыш кылган эмес? Илимпоздор ичи ачышып жаткан болсо басып келген эмес. Мумия чирип, жок болуп жаткан сөөктү жерге бергенде чуу чыгарып жатышат. Министр Түгөлбай Казаков "кептин баары мумиянын жаткан жери эмес, менин кызмат ордум" деп айтты. Өз убагында ал сөөктү чет өлкөгө чыгарып сатуу деген демилге болчу. 500 миң долларга сатууга кардар чыккан. Бул маселе президентке дагы жетти. Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тапшырма берүү керек", - деп сунуштады Момбеков.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.10.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат 60жылдан бери ХХХХ аттынарбы? Комгондон кийин чыйпылыктабай.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-19 11:44:28
19.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кайра казгыла, анан кайра комгуло
19.10.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Саясатташтырып салдыңарго ХХХХ. Тынч жатсын гөрүндө. Эртең " тээ илгери бул депутат болгон экен , бул эмне жеген экен " деп гөрүңөрдү чукуп жүрсө жакшыбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-19 11:15:15
19.10.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андан башка проблема коп.1 ай талкуу кылып эрмектегенге арзыбайт...Тынч жатсын байкуш.
19.10.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олук кордо болуш керек.Жаназасы окулуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: