Кыргыз-Казак чек арасында башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды
Кыргыз-Казак чек арасындагы “Акжол" көзөмөл өткөрүү пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүп бара жаткан Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-октябрда “Акжол" өткөрүү пунктунан 19 жаштагы жаран башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал чек ара кызматкерлерине өзүнүн паспортун жоготуп алганын, ал эми аталган паспорт анын бир тууганына таандык экенин айткан. Кийин башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Bek_abad

20.10.2017. 04:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээхх айла жоктон кылганда байкуш ((.кор тирилик деп эмнелер гана кылбайт..
ayluu_tun

20.10.2017. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи карапайым адамдарды откоруп жатышыптырбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.