Кийинки жумада парламент кыш мезгилине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын угат
Кийинки жумада парламент кыш мезгилине даярдануу боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Ал бул маселе маанилүү экенин белгиледи. "Кыш башталбай жатып бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 10 сомго жеткени эртеңки күнү чоң көйгөй жаратат. Ошондуктан бул жагдайга өзгөчө көңүл буруу керек", - деди депутат.
Буга чейин жыйында аталган көйгөйдү КСДП фракциясынан депутаттар Кожобек Рыспаев менен Төрөбай Зулпукаров көтөрүп чыккан. Алар көмүрдүн баасы кымбаттап жатканын айтышкан.
Кожобек Рыспаев өкмөт кыш мезгилине даярдануу боюнча токтомду бербей жатканына нааразычылыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.