super.kg logo

Бишкекте келин кайнатасын "бөтөлкө менен башка чаап, сыныгын далысына сайгылап салган" деп шектелди

 

Бишкекте Алия аттуу келин кайнатасын бөтөлкө менен чаап, сыныгын далысына сайгылап салууга шектелүүдө. Мындай факты 12-октябрь күнү кечинде Кызыл-Аскер аймагындагы үйлөрдүн биринде катталган. Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморовдун 19-октябрда SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, кыз Ленин РИИБинде суралган соң үйүнө чыгарылган.

"Келин көрсөтмөсүндө айткандай, ал кайнатасына акча берип жалаяк алып келүүгө жиберген экен. Бирок кайнатасы ал акчага спирт ичимдигин ичип алгандыктан ачууланып, бөтөлкө менен аны башка чаап, андан кийин сыныгы менен далысына сайгылап жиберген. Кайнатасы ооруканада. Ал эми келининин үстүнөн арыз берүүдөн баш тарткандыктан ал бошотулду", - деди Оморов.

Ал эми кырсык тууралуу 12-октябрь күнү кечинде 102 кызматына маалымат түшүп, ыкчам тергөө тобу барган учурда келин аларга "Кайнатам бөлмөгө кирип келип зордуктоого аракет кылды. Каршылык көрсөтсөм ур-токмокко алгандыктан ушундай ишке бардым", - деп билдирген.

Адыл Оморов келин тергөө тобу барган учурда камерага ушинтип айтып койгонун, чынында андай болгон эместигин айтканын кошумчалады.

Бул факт боюнча учурда тергөө тобу тарабынан материалдар чогултулуп жатат. Анын жыйынтыгынын негизинде окуяга юридикалык баа берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(10)
19.10.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайнатан он жолу акча берсен он жолу ичип койсо да сылык мамиле кылуу керек эле. Анткени ошол киши сенин жолдошунду чонойтуп ,усту астын бутун кылган. Аялын атасына мындай мамиле кылуусуна баласынын да куноосу бар. Ата-энени баалап, кадырлап алсан Аллах ыраазы болот. Балдарындан ошону коруп сыздайсын кургур наамысы жок акмак
19.10.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми сиз айткан пикир эн туура кайнатаны өз атандай сыйлашын керек, бирок биринчи көрсөтмөдөй окуя болсочу( айтканга ооз барбайтат)анда ла унчукьаш керекбиле, кудай билет кимде күнөө экенин, кудайга коелу, көрбөгөндөн кийин күнөөлөй албайм келинди
19.10.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Артынан караганда арак ичкен алкаштарга деле окшобойт, ар бир адамга ыйман бер Алла
19.10.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tortkul2017,Азыркы заманда артынан эмес астынан карап деле билуу кыйынго
19.10.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Давно это было
19.10.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки башка замандын адамдары жолугуп, эч кимиси баш ийбеген доорду суруп жатканыбызды тушунуп жашоо керек. Жаш келиндер глобализацияга таянып, оздорун эркин сезишип, улуу муундагылар биздин заманда келиндер кайны жагын сыйлашкан деп. Эртеби, кечпи биз деле Европалыктарга окшоп, бала торогондон качып калабыз го. Торогон балан сыйлабаса, же алган аялы сени киши оордуна корбосо, андан коро озум учун жашайын деп.
19.10.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сенда балаңан ушул күндү көрөсүн. Сөзсүз көрөсүн!!!!
19.10.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернеттен көрсөңөр оюңар өзгөрөт киши мас аябай эле бирок келин да адепсиз кийинип алыптыр.Балким мастыкта келинине асылгандыр видеодо келин айтты ич кийимиме асылды чечкенге деп.Баарын бир кудай билет ...
20.10.2017. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ бул уйдо диндин жетишсиздиги
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-20 17:57:37
20.10.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilyazbek.kg, курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган. 10 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: