super.kg logo

2030-жылга карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ-инфекциясынын эпидемиясы токтошу мүмкүн

 

ВИЧ менен күрөшүү боюнча өкмөттүн кароосунда турган мамлекеттик программа ишке ашса, 2030-жылга карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ-инфекциясынын эпидемиясы токтошу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкекте өтүп жаткан ВИЧ оорусунан жабыркаган адамдардын 6-улуттук форумунда "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев билдирди.

"Быйыл мамлекет ВИЧ илдетинен жабыркагандарды дарылоо үчүн 20 миллион сом бөлүп берген. Эгерде келерки жылы мындан эки эсе көп акча берсе деле аздык кылат. Бул оорунун эпидемиясын токтотуу үчүн кеминде бир жылга 100 миллион сом бөлүнүшү керек", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин: "ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган адамдардын улуттук форумун өткөрүү менен биз бул илдет менен ооругандардын санынын өсүп кетүүсүнүн алдын алабыз. Бүгүнкү күндө өкмөт аталган ооруга колдонулуучу дары-дармектерди каржылоо үчүн бардык аракеттерин жумшап жатат. Биз ВИЧ менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыктык. Учурда ал өкмөттүн кароосунда", - деп билдирди.

Адистердин билдиргенине караганда, учурда Кыргыз мамлекетинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган 7 миң 663 адам катталган. Алардын 7 миң 264ү Кыргыз жарандары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: