super.kg logo

Украиналык спортчу 26 жыл мурун зордукталганын ачыктап, ошондо коргогон эмессиң деп Кыргыз машыктыруучусун айыптоодо

 

Татьяна Гуцу

"Кыргыз өлкөсүнөн спорттук гимнастика боюнча машыктыруучу Татьяна Торопова менин зордукталганымды билип туруп жардам берген эмес". Машыктыруучуну мындай абалга спорттук гимнастика боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Татьяна Гуцу айыптоодо. Украиналык спортчу Гуцу мындан 26 жыл мурун болгон окуя деп социалдык тармактагы баракчасына пост жазган.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө, аны 15 жашында Олимпиаданын 6 жолку чемпиону, беларустук Виталий Щербо зордуктагандыгын жазган.

"Мени 1991-жылы Штутгартта (Германия) ким зордуктаган. Виталий Щербо. Монстр, анын айынан мен нечендеген жылдар бою коркунуч капканында жашадым. Мен билем, сен өзүңдү актаганга аракеттенесиң. Бирок менде толтура маалыматтар бар, алар сенин актанган сөздөрүңдөн өтө күчтүү. Мен азыр сенден күчтүүмүн, сен эми мени сындыра албайсың", - деп жазган 41 жаштагы Гуцу.

Ушул эле постунда ал Татьяна Тараповага кайрылып, аны курбум деп атаган.Татьяна Гуцу

"Татьяна Торопова, сени өзүмдүн курбум жана СССРдин улуттук курама командасындагы жолдошум деп эсептечүмүн. Мага абдан зарыл болуп турганда сен эр жүрөктүүлүк кыла албай койгондугуң үчүн рахмат. Бул жүрөктүн үшүн алган окуяда сен мен тарапта болуп, аялдардын укугун коргобогондугуң үчүн сага рахмат. Жок болсо жок. Сен баарын уксаң да мени коргогонго аракет кылган жоксуң", - деген ал.

Бул арада машыктыруучу Татьяна Торопова ал билбеген эле окуяга Гуцу аны күнөөлөп жаткандыгын айткан.

Татьяна Торопова"Мен эч кандай зордуктоого күбө болгон эмесмин. Андан бери көп жыл өттү, бирок эч кандай зордуктоо болгонун эстей албайм. Штутгартта эркектердин мелдеши кыздардын мелдешинен бир күн мурун бүткөн, кечинде Гуцу экөөбүз жаткан бөлмөгө Виталий Гуцунун өзү менен келген. Түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отуруп, мен Виталийден өзүнүн бөлмөсүнө кетүүсүн өтүнгөм. Бирок Гуцу стресске кабыла тургандай зордуктоо болгонун такыр көргөн эмесмин, эмне үчүн ал мени бул окуяга айыптап жатат, түшүнбөйм", - деген ал интервьюсунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
19.10.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунаажын козун кыспаса, бука жибин узбо-ойт....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: