super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Шайлоо бүтөр замат бардык талапкерлер башын кумга тыгып алганы өкүндүрөт"

 

Бүгүн, 19-октябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүүдө.

Оруcия жана башка өлкөлөрдө 800 миңден ашык мигранттар бар. Бул өкмөттүн миграция кызматынын маалыматы. Шайлоодо чет жердеги 18 миң гана жаран добуш берди. 500 миң жаран добуш берүү укугунан ажырап калды. Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузууларды, журналисттер, мыкты чагылдырдыӊар. Бирок бирөөнө да укук коргоо органдары тарабынан, БШК тарабынан жооп болгон жок. Биз каракчылардын мамлекетине айландык. Сиздер жон-териңиздер менен сезип турдуңуздар. Бул жакшылыкка алып келбейт. Шайлоо бүтөр замат бардык талапкерлер башын кумга тыгып алганы өкүндүрөт. Кошумча тизме 100 пайыз Жээнбековдун пайдасына иштеди. Бүгүн биз корксок мунун баарын эртең келечектеги муун келип айтат”, - деди Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 27 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: