super.kg logo
  Саясат  

Мадумаров президент Нурсултан Назарбаевге: "Жүз миӊдеген балдарды ырыскыдан ажыратпаӊыз"

 

Бүгүн, 19-октябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Ал Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасады.

“Учурдан пайдаланып Казак журт башчысы, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн аксакалы аталган Нурсултан Абишовичке кайрылып кетем. Урматтуу Нурсултан Абишович, Кыргыз-Казак маселесине аябай кылдат мамиле кылып келесиз. Мен чек арада турган дыйкандарды көрдүм, жер-жемиштерди жүктөп алып ыйлап жатышат. Алты ай бою саратанда жер тырмалап иштеп, тапканынан береке издеген дыйкандардын пайда таба турган мезгилинде ырыскысы оозунан түшүп таштандыга айланганы калды.

Бул өтө оор маселе. Нурсултан Абишовичтин өзүнүн айткан сөзү бар “Кыргызга менчелик күйө турган азамат менден кийин келеби, келбейби” деген. Ошондуктан сиз өзүңүз турган мезгилде, муздап бараткан кыргыз-казак мамилесин кайрадан бышыктаңыз. Жүз миңдеген биздин дыйкандардын эмгеги текке кетпесе деп айткым келет. Жүз миңдеген сары ооз балдардын оозуна тийүүчү ырыскыларынан ажыратпасаңыздар деп айткым келет. Бул күндөр да өтөт. Кыргыз менен казакты эч ким ажырата алган эмес. Аны ойлогондордун тилегин таш капсын!” - деди Мадумаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 36 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: