Азиз Батукаевдин аэропортто каттоодон өтүп жаткандыгын далилдеген видеотасма ЖКда көрсөтүлдү

Бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында депутаттарга “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин “Манас” аэропортуна келип, каттоодон өтүп жатканда тартылып алынган видео тасма көрсөтүлдү. Видеотасмадан Батукаев эжеси Яха Батукаева менен бирге аэропорттун VIP-залынан каттоодон өтүп жаткандыгын көрүүгө болот. Ал учур саат 23:13 болгон. Ал эми азыр депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шердин чечим менен тааныштыруусу аяктап, талкуу үчүн депутаттарга сөз берилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

