super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жездем экөөбүз атайын интернет клубга барып Counter-Strike ойнойбуз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жезделердин жоруктары" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Иштер менен шаарда жүрүп эжемдин үйүнө барып калдым. Алар батирде турушчу. Үйлөрүн жыйнап, тамак жасашып, айтор эжекем экөөбүздүн сөзүбүз бүтпөйт. Жездем тамашакөй, алдына келген адамдын айласын алты кетирет. Палоо даяр болуп дасторконго отурдук. Бир аздан соң телефонума чалуу келди. Үйдөн чыгып 15 мүнөттөй сүйлөшүп келсем, жездем "ал тамактан, мейман деген көп-көп тамактаныш керек" деп калды. Эч нерсе оюмда жок, эми эле алып жесем, даамы ачуу. Сыр бербестен жеп коёюн дедим эле, бирок кайдан, үйдөн кантип чыкканымды билбейм. Көрсө жездем билдирбей калемпир салып коюптур, майдалап. Жездем күлүп жатат, эжем болсо аны урушуп жатат".

"Жездем үйгө келсе эле кичинебизде жомок айтып берчү эле. Оюнан токуп коркунучтуу кылып айтса берилип укчубуз. Кызык жерине келгенде токтотуп койсо, жалдырап аягына чыгуусун суранчубуз. Кийин карангыда эшикке чыга албай коркуп жүрө берер элек. Азыр неберелүү болуп калды, барсак дагы эле "жомок айтып берейинби" деп күлүп калат. Кыздарыма да ошентип жомок айтып берип калат".

"Жездем экөөбүз атайын интернет клубга барып Counter-Strike атышабыз. Тааныштарына кайним дебейт, бир тууган иним деп тааныштырат".
"Мен жезделерим менен өтө жакшы мамиледемин. Билимдүү адамдар отуруп алып ар кайсы темада сүйлөшөбүз. Саясат, бизнес, тарых кыскасы сөзүбүз бүтпөйт. Биз көбүнчө олуттуу сүйлөшөт экенбиз. Ал эми кичине сиңдим менен тамашалашып, эжемди шылдыңдап ойношот".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: