super.kg logo
  Саясат  

Мадумаров: "Элге пайдам тийчү болсо ким менен болсо да кызматташууга даярмын"

 

Бүгүн, 19-октябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Ага "Сооронбай Жээнбековдун командасында иштөөгө сунуш түшсө кызматташууга барат белеңиз" деген суроо берилип, минтип жооп берди.

"Мен эч качан бирөөгө эмес, мамлекетке гана кызмат кылгам. Акаевдин же Бакиевдин тушунда иштеди деп жүрүшөт. Кеп кимдин тушунда иштегенде эмес, ошол кезде эмне жумуш кылганыӊда. Эгерде менин кайсы бир жерде элге-журтка пайдам тие турган болсо, мага жетекчи ким болору маанилүү эмес. Менин элге кымындай пайдам тие турган болсо ошол пайдамды тийгизишим керек. Өмүр өтүп жатат. Бирок биздин көз карашыбыз туура келбесе мен ал кызматта секунд да отурбайм".

Журналисттердин "идеялык жактан ойлор туура келсе, демек, сиз кызматташууга даяр экенсиз да?" - деген суроосуна Мадумаров: "Идеялык жактан ойлор туура келбейт. Анткени биз табиятыбыздан көз караштарыбыз эки башка адамдарбыз", - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 39 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: