super.kg logo
  Саясат  

"Айыл-агро-2013" көргөзмөсүндө айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча 80дей келишим түзүлдү

 

Өкмөт 22-24-май күндөрү Бишкек шаарында өткөн "Айыл-агро-2013" көргөзмөсүнүн болжолдуу жыйынтыктарын чыгарды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмөнүн алкагында өлкө үчүн терең мааниге ээ 3 иш-чара болуп өттү. Алар: 22-май күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөн Улуттук агрардык форум, 23-майда өткөн орусиялык техникалардын күнү жана 24-май күнү өткөн Кыргызстандагы Банктар биримдиги тарабынан уюштурулган 2-лизингдик форум. Маалыматка ылайык, аталган көргөзмөнүн 1-күнүндө өткөрүлгөн Улуттук форумга 21 өлкөнүн дипломаттары менен катар бул багытка тиешелүү 600дөй адам катышты. Ал эми көргөзмөгө жалпысынан 27 компания катышып, алардын 14ү айыл чарба техникаларын алып чыкса, 13ү маалыматтык такталар менен чыгышты. Анда Кыргызстан, Орусия, Германия, АКШ, Франция, Польша, Түркия, Кытай жана Индиядан чыгарылган 60 айыл чарба техникалары коюлду. Бул 3 күн ичинде иш-чарага 7 миңдей адам келип катышып, айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн 80дей келишим түзүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: