Депутат Өмүрбек Текебаев түзөтүү абагына которулду
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына бүгүн эртең менен которулган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан кийин соттолуучулар 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которулушкан.
Ал эми алардын жактоочулары бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттануу арызын берүүгө даярданып жатышканын билдирген.



кунун бутурбой отуруп чыгайын анан бутуром кунун дедиби?
Кантсе да бийлик менен иштеше турган мезгили келген болчу озун озу кылды да, мен Текебаевдин билимин сыйлайм!