super.kg logo

Орусиялык саякатчы-блоггер адепсиз туристтердин тизмесин түздү

 

Сергей Анашкевич Ар бир жаран чет жерге чыкканда өз өлкөсүнүн жүзү болору талашсыз. Ал өзүн чет жерде кандай алып жүрсө жергиликтүүлөр анын мекени тууралуу ошондой ойдо калат. Чет өлкөлөргө саякаттап жүргөн туристтер абдан көп, алардын бири орусиялык саякатчы-блоггер Сергей Анашкевич. Ал дүйнөдөгү эң адепсиз туристтердин рейтингин түзүп чыккан. Анын рейтинги боюнча:

1. Кытайлык туристтер

Сап башында эң көп калктуу Кытайдын туристтери турат. Бул мамлекеттен келген туристтер мыйзам бузуп, ар кандай эрежелерге туура келбеген иш-аракеттерди өзүнүн өлкөсүнөн чыга электе эле аэропорттон башташат. Алар аэропортко тиешелүү техника, буюм-тайымдарга аяр мамиле кылбастан аларды сындырып же бузуп көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат.

Ал эми чет өлкөдө жүргөн кытайлык туристтер кеткенден кийин алар жайгашкан мейманкананын ичинде сөзсүз түрдө оңдоо иштерин жүргүзүш керек экендиги айтылат. Ошондой эле алар эң маданиятсыз тамак ичкендердин катарын толуктайт, аларга көнүмүш болуп калган адаттар башкаларды бир аз ирээнжитет.

2. Британиялык туристтер

Сергей Анашкевичтин версиясы боюнча экинчи орунда британиялык туристтер турат. Өзүнүн сылык-сыпаа мамилеси менен айырмаланган британиялыктарды алкоголдук ичимдиктерди ичкенден соң тааныбай каласыз. Алар мындай абалда балкондон секиргенге, көчөдө жылаңач басканга, бардык баш аламандыктарды уюштурууга даяр болуп калат. Хорватиядагы Хвар шаарынын мэри спирттик ичимдиктерди ичип алып ызы-чуу салган британиялык эс алуучулардан тажап, коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салган.

Мындан сырткары британиялык туристтер тамакка ууланып калдык деген жүйө менен мейманканалардан, эс алуучу жайлардан акча өндүрүп алганы менен белгилүү.

3. Немис туристтер

Бул тизменин "колосун" немис туристтери алган. Алар британиялыктардай ичпесе дагы, өзүнүн кылдан кыйкым издеген сапаты менен "жаман" туристтер деп аталып калган. Дүйнөдөгү бардык эс алуучу жайлардын, мейманканалардын даттануу жана сунуштар китепчесине германиялык туристтер эң көп нааразычылык билдирүүлөрүн калтырышат.

Алар кээ бир учурларда такыр эле акылга сыйбаган нааразычылыктарын билдиришет. Мисалга алсак, германиялык бир турист өзүнүн моюнун кайрып алганы үчүн мейманкананын жетекчилигин күнөөлөгөн. Анын айтымында, бөлмөдөгү телевизор туура эмес жакка илинип тургандыктан ал улам моюнун буруп караганга аргасыз болгон. Бул абал анын моюнун кайрып алууга алып келгенин билдирген.

Бул турист эс алуунун ордуна дарыланып жаткандыгы үчүн акчалай компенсация төлөп берүүнү талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.10.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мурда союз убагында элдерибиз башкача болчу,сабырдуу,дуконго сутко жок эле дегенде 1,5-2 сааттап 2лт сут учун очередьке туруп шашпай бири бири мн мушташпай эле алчубуз эч ким шашпайт эле,азырчы 2мунот туруп калса мушташып кетишет,жолдогу айдоочуларды айтпай эле коеун,биз дагын ошол тартипсиз туристтерге жетип калдык,ойлоп койдум элдерибиз мигрант болуп журуп ар кайсы элдин жаман сапаттарын жуктуруп келип атышабы деп,азыр жаны торолгон балага чейин нервный
21.10.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызыктуу экен чынында эле кытайлык туристер аман эле болсун
21.10.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытай ар тараптан биринчи :-))
21.10.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Телевизорду карап жатып моюнум кайрылып калды.
21.10.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлар вапше балит калк. Тамакты аябай тогуп чачып жейт... анан тамак жеп буткондо чашкага оозун чайкап туруп тукуруп коюшат же тегерек столдо 8-9 киши чай ичип атса бироосу салфетка чимкирип туруп коюп коет. Бул жакта официанттын кускусун келтиришет кыскаы.))
21.10.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Romantik.анан дагы коомдук жайларда,автобустарда,дукондордо,ашканаларда алардан башка эч ким жоктой ундорун ото катуу чыгарып суйлошуп ошол жерди баштарына кийип алышат. Ары бурчтагы таанышына бери бурчтан туруп кыйкырып суйлошкондору кулак мээни жейт.
21.10.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде да бар адепсиздик."Адепсизден да адептуулукту уйрон" деген накыл соз бар эмеспи.Башкалардын адепсиздиги озубуздун адептуу болуубузга жардамын берсин.
23.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи башка мамлекетте орустарды айтышат экен ичип алса окендерда акылга сыйбаган иштерди жасашат экен баардыгы ичинде деген мейманканаларда жебесе деле баарын табактарга салаберет экен Турцияда иштегендер айтып калышчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: