super.kg logo

Бишкекте 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелгендердин бири милицияга өзү келди

 

Бишкекте 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелгендердин бири милицияга өзү келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-октябрь күнү С. уулу Б. шаардагы өзү официант болуп иштеген кафеден түнкү саат 1лер чамасында чыккан. Андан соң өзү менен чогуу иштеген кесиптештери Б.А., А.К., жана Б.Б. аттуу балдар менен жолугушкан. Алар таңкы саат 06:30га чейин ошол эле Көк-Жар аймагында жайгашкан интернет клубдардын биринде ойноп отурушкан. Таңга маал алар менен жана башка белгисиз балдардын ортосунда кайым айтыш чыгып, аягында мушташып кетишкен. Мындан улам С. уулу Бнын жүрөк тушуна жана Б.Бнын сол ийинине бычак сайып кетишкен.

Алардын бири ошол жерден каза таап, Б.Б. ооруканага жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары ошол эле күнү кечинде Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган О.Б.аттуу тургуну жана 1995-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Ал эми 18-октябрь күнү кечинде кылмышка шектүүлөрдүн дагы бири 1997-жылы туулган Н.И. милицияга өзү келген.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: