Бишкекте электр энергиядан карызы бар 1 800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү
Бишкек шаарында электр энергиядан карызы бар 1800 абоненттин жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарындагы өз маалында төлөм жүргүзбөгөн 1 800 абоненттердин электр жарыгы өчүрүлдү. Алардын карыздарынын суммасы 8,5 миллион сомго жеткен. Эгерде төлөм толук жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат базага түшсө электр жарыгы кайрадан кошулат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдө жашаган 235 миң абонент бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Президент иштеп берсе байып алсак болду.