super.kg logo

Интернет колдонуучулар Дональд Трампты Меланья эмес, ага окшош башка айым коштоп жүрөт деп шектенүүдө

 

Интернет тармактарында АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп расмий иш-чараларда президент Дональд Трамты коштоп жүрбөйт, ал өзүнө окшош айымды жөнөтөт деген талкуулар жүрүүдө.

Интернет колдонуучулардын байкоосу боюнча, президент Трамп Пуэрто-Рикодогу бороондон жабыр тарткандарга кайрылып сүйлөп жатканда, анын жанында турган Меланья Трамптын мурункудан мурду башкача болуп өзгөрүп калган.

Коомчулуктун шек саноосунун күч алышына ошол күнү Меланья Трамптын жүзүнүн жарымын жаап калган чоң көз айнек тагып алгандыгы жана бир да сөз сүйлөбөй, президенттин айткандарына баш ийкеп гана тургандыгы себеп болгон.

Мындан кийин интернетке "Меланья Трамптын өзү" жана "калп Меланья Трамп" деген сүрөттөрдүн салыштыруусу тараган. Бул арада интернет колдонуучулардын бири АКШнын президентинин өзүнүн сөзүндө да шек саноого түрткөн кептер бар экендигин байкагандыгын жазган.

"Менин аялым Меланья, ал бул жерде", - деп айтты Трамп. Муну менен ал жалпыга маалымдоо каражаттарын чынында эле жанындагы аял Меланья экендигине ынандырууга аракет кылды", - деп жазган ал өзүнүн постунда.

Дагы бир интернет колдонуучу: "Бул Меланья эмес, алардын ушунчалыкка чейин жеткендигине ишенүү кыйын. Анан бизди ушул нерсеге ишендирүүгө аракет кылышууда. Кызык, алар бизди дагы эмне деп алдап жатышты болду экен?" - деген билдирүүсүн калтырган.

АКШда бул көрүнүш кызуу талкууга алынып, жеке баракчаларына салыштырган сүрөттөрдү жарыялагандардын постторун 100 миң колдонуучу бөлүшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын жүрөктөн баары бир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: