super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Кыргыз делегациясынын бир бөлүгү Астанада калды"

 

Кыргыз тараптан барган делегация мүчөлөрүнүн жарымы мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астана шаарында калышты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Беш күн аралыгында Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды мындан ары жакшыртуу үчүн протокол иштелип чыгып, ал макулдашуудан өтүшү керек. Беш күн аралыгында биз жол картасын түзүп жетишсек, чек арадагы абал мурдагы калыбына келерине ишенем", – деди Абдыгулов.

Белгилей кетсек, премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Казак чек арасында жеке жүгү менен өткөн жүргүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылуу тууралуу келишим түзүлгөн. Жүк ташуучу унааларды өткөрүү шарттары боюнча эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топтун ишинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрөт.

Азыркы тапта Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында абал туруктуу, өткөрүү мөөнөтүнүн жакшырганы байкалууда, жүргүнчүлөр жана жеңил автоунаалар, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.10.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сапар Исаков Буюрса Кыргызстан тарыхынында эл учун иштеген премьер-министр болот го
20.10.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Катта катта каткырып
Астанада кайф кылып
20.10.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
АШАГа рахмат
20.10.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aitenir,Ашага эмнеге рахмат кылгылыкты кылып коюп өзү барбай койгонуна рахматпы
20.10.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nazar76, ошону айтып жатам ))) аны ким кабыл алат
20.10.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жаш баланын жакшы кеби бар. "ата ачкачылык качан токтойт? десе атасы уулум 40 кундо, дейт анда уулу анандан кийин токчулук болобу десе, атасы жоок уулум андан кийин конуп калабыз. деп коёт атасы" ошондой болгон жокбу негизи озу ))))
mandalak түзөттү 2017-10-20 16:27:15
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: