super.kg logo

Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова 82 жашында дүйнө салды

 

Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы Ленин райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ленина Абдрахманова бүгүн, 20-октябрда түн ичинде көз жумган. Ленина Абдрахманова турмушка чыгып, бирок балалуу болгон эмес. Анын эки көзү акыркы 10 жылдан бери көрбөй калган. Өмүрүнүн акыркы күндөрү ага туугандары жана социалдык кызматкерлер каралашып турган.

Ал 1935-жылы Орусиянын Оренбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Ысымын атасы Жусуп Абдрахманов Владимир Ильич Лениндин атынан койгон. Ленина Абдрахманова төрөлгөнүнө 11 ай болгондо атасын эл душманы деген жалган күнөө менен атууга кетиришкен. Абдрахманова институтту аяктап, 20 жылдан ашуун заводдо эмгектенген.

Ленина Абдрахманованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 11:00дө өз үйүндө өтөт.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ленина Абдрахманованын каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.10.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо силерден сураныч, откондо дагы сурангам, ушул Жусуп Абдрахманов жонундо уй булосу бала чакасы тууралуу кенен маалымат жазып койгулачы, учурда бала чакасы небиреси каякта эмне жумуш кылышат ж.б ушул сыяктуу маалымат кутом силерден алдын алаа ырахмат!
20.10.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fidel, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынды.
20.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан мээримине алып бейишин берсин!
ХХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-20 16:00:25
20.10.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жаннатта болсун.
20.10.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jatkan jeri beishten orun alsyn, kyrgyzdyn uluu insanynyn kyzy. Bir neche ai murun facebooktan intervyusun okugan elem, abdan jonokoi, ech kachan bailykka umtulgan emesmin dep tobosynon suu akkan eski yido turary aityldy ele...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: