super.kg logo

Чүйдө жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

 

Чүй облусунда жергиликтүү тургунду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2017-жылдын 28-август күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу 60 жаштагы (эркек киши) жергиликтүү тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен.

"Жабырлануучу кырсык болгон жерден жан берген. Аталган факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Сурак учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда анын башкаруусундагы Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа айып жайга киргизилди", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: