super.kg logo

Сүймөнкул Чокморовдун 3 метрлик айкели Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө алынып келди

 

Залкар актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун 3 метрлик айкели Бишкекке алып келинип орнотулду. Бул тууралуу "Сүймөнкүл Чокморов" атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Билдирүүгө ылайык, СССРдин эл артисти Чокморовдун эстелиги Екатеринбург шаарында даярдалып, 28-сентябрда Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн. Айкел орусиялык "Дубровин" ишканасы тарабынан жасалган.

"Айкелди бир жылдан ашык убакытта жасап бүтүштү. Ал жакта сапаттуу жана кураштырылбаган, бүтүн айкелди куюп жасоого мүмкүнчүлүк бар болгондуктан ошол жакка буюртма берип, келишим түзгөнбүз", - дейт Абдрахманов.

Айкелдин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай эстеликтер Кыргыз өлкөсүндө аз гана санда. Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдына орнотулган.

Белгилүү актёр жана сүрөтчү көзү тирүү болгондо быйыл 78 жашка чыкмак. Сүймөнкүл Чокморовдун эстелигинин ачылышы 9-ноябрда туулган күнүнүн урматына маданият кызматкерлеринин жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
20.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо "Алынып келди эмес алынып келинди" деп туура жазсаңар
20.10.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bars111, саламатсызбы! Кыргыз тилинин жазуу эрежесине ылайык алынып келди деп жазылат. Бул жерде эч кандай ката жазылган эмес.
20.10.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анча окшошпой калгандай
21.10.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суймонкул Чокморовко окшошпой калыптыр. Скульптору ким болду экен? Скульптор Сыдыков Базарбеке беришсе болмок экен. Ал Сыдыков Базарбек Суймонкул Чокморовтун озуно окшоштуруп жазамак эле. Аттин ай бул скульптор жаман жазаптыр.
Taalaibek. түзөттү 2017-10-21 09:03:37
23.10.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшошпоптур.
23.10.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чокморовдун харизмасы кучтуу, коздору башкача болчу.
23.10.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптакыр окшобойт, куник болуп калыптыр.Мындан көрө жазабай эле койбойсуңарбы.Келечеке калчу эстелик да,кийинки муундар ушундай элестетеби? Алдында карап туруп!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: